Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

ГАЗА ТИЛКЕСИ ПАЛЕСТИНДЕРГЕ ӨТТҮ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Сентябрдан он биринен он экисине караган түнү Газа тилкесинен израилдик аскерлер толугу менен чыгарылып кетти. Израилдин 1967-жылдан берки оккупациясынын бүткөндүгүн тастыктаган бул окуяны палестиндер чексиз кубанып, тосуп алышты. Алар оккупанттардын символдорун жок кылып, Газа тилкесинде калган синагогаларга өрт койуп жатышты.

Газа тилкесин акыркы израилдик танкалар менен бронетранспортерлор таштап кетип жаткан чакта, миңдеген палестиндер желектерин желбиретип, 38-жыл бою израилдик оккупациянын астында болгон туулган жердин бошотулганына сүйүнүп, майрамдап жатышты. Миңдеген палестиндер түн уйкусунан кечип, жөөт кыштактар турган жерлерге үй-бүлө, бала-бакырасы менен келип, майрамдап жатышты. Неве Декалим кыштагында келген палестиндердин бири, 35 жаштагы Абдуллах Салах «мурда бул жер жүрөк үшүн алган, жек көрүндү жер эле, эми минтип майрам өкүм сүргөн жер болуп отурат», - деп кубанды.

- Мындай бактылуу күндөрдү палестиндер кылымдардан бери башынан кечирген эмес, - деп айтты Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас.

Туулуп-өскөн жеринин бошотулганына сүйүнгөн бир топ жигиттер израилдиктерден кийин уратылбастан калтырылган синагогаларга өрт койуп жатышты. Жөөт кыштактарын эвакуациялоодо жөөт диний кызматкерлердин колдоосуна таянган Ариэль Шарондун кабинети коомдук имараттарды жана Раббиндердин өтүнүчү менен синагогаларды бүтүн калтырган эле.

Бирок Газа тилкесиндеги жөөт кышактардын күч менен эвакуациялануусун Шарондун ийгиликтүү соодасы катары кабылдагандар да бар. 8500дөй жөөт тургуну бар кыштактарды бошотуп берүү менен Шарон Газаны жүз миңдеген жөөт отурукташкан Батыш жээктеги кыштактарга айырбаштоодо. 245 миңдей жөөт жараны жашаган батыш жээк кыштактардын жалпы көлөмү палестиндерге бошотулуп берилген Газа тилкесинен алда канча чоң, дешет Шарондун оппоненттери.

Ошого карабастан Газа тилкесинин палестиндерге өткөрүлүп берилишин израилдик аскерлердин өздөрү да жеңилденүү менен каршы алышты. Алардын пикиринде, эми президент Аббастын алдында өткөрүлүп алынган чөлкөмдөрдө тынчтыкты камсыз кылып, ал жерлерде аракеттенген согушкер топторду куралсыздандыруу маселеси турат. Бошотулган кыштактарга кирип келип эле өз желектерин желбиретип, синагогаларга өрт койгон согушкер топторду жоопко тартып, баш ийдирүү эми Махмуд Аббастын мойнундагы иш, дешет израилдик аскерлер.

Израилдин премьер-министринин кеңешчиси Доре Голд дүйшөмбү күнү «Рейтер» кабар агенттигине берген маалыматында 1948-жылкы согушта синагогалар менен мечиттердин кыйрашы согуш абалында орун алган окуя болгондугун, азыркы тынчтык жараяны учурунда ыйык жерлерге кол салуу кылмыш экенин билдирген:

- 1948-жылы синагогалар менен мечиттерге бир топ коркунуч жаралган эле. Бирок бул Израил менен араб мамлекеттери согуш абалында болгон кезде орун алган окуя. Тынчтык сүйлөшүү жолу менен жетишилген учурда ыйык жерлердин коргоо ылаазым эле. Бирок биз аскерлер таштап кетип жаткан жерлерде синагогалар өрттөнүп жатканын көрдүк.

Газа тилкесинин бошотулганын 2000-жылы башталган элдик көтөрүлүштүн түздөн-түз натыйжасы катары көргөндөр да жок эмес. Бетине маска тагынган согушкерлердин бири "10 жылдык сүйлөшүү, 4 жылдык каршылык көрсөтүүгө татыган жок", - деп корустон болот. Байкоочулар ушул сыяктуу согушкер топтор эми Махмуд Аббаска саясий атаандаш болууга аракеттенээрин айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG