Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Палестиндер Газа тилкесинин бошотулушун майрамдап жатышат


Газадан көчүрүлүп кеткен жөөт кыштактарында алар палестин желектерин орнотуп, синагогаларды өрттөштү. Палестинанын лидери Махмуд Аббас 38 жылдык оккупациядан соң бошотулган Газада эми мыйзам жана тартип орнотулушу керек деп белгилеп, диний жайлардын өрттөлүшүнө токтолду:

- Жөөттөр синагогаларды таштаган жок, алар бул жайлардагы символдорунун баарын алып кетишти. Биз кудайга ишенген мусулмандар катары диний жайлардын ыйыктыгын билебиз. Бирок бардык ыйык диний буюмдар алынып кеткен соң булар эми синагога болбой калды.

Израилдин өкүлдөрү диний жайлардын талкаланышына нааразычылык билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG