Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

СУЛАЙМАН ИМАНБАЕВДИН ИШИ СОТКО ӨТТҮ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Борборук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаев парламенттик шайлоо учурунда шайлоо кодексинин нормаларын бузган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат. Башкы прокуратура анын ишин тергеп бүтүп, сотко жөнөттү. Сулайман Иманбаевге тагылып жаткан айыптар экс-президенттин кызы Бермет Акаева ат салышкан Университет округуна байланыштуу.

Башкы прокуратура тарабынан Сулайман Иманбаевге эки айып коюлуп жатат. Тактап айтканда, Кылмыш кодексинин 304-беренесинин үчүнчү бөлүгү жана 305-беренесинин экинчи бөлүгү боюнча ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, кызматтык абалынан ашыкча пайдаланган деген күнөөлөр коюлууда.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришкендей, тергөөнүн жүрүшүндө парламенттик шайлоо учурунда Бишкектеги №1-Университет округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон Бермет Акаеванын үгүт өнөктүгү «Алга, Кыргызстан!» партиясы тарабынан мыйзамсыз каржылангандыгы тастыкталды. Башкы прокуратура шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкердин шайлоо фондунан гана каржыланышы керек деген мыйзамдык норманы жакшы билсе дагы Сулайман Иманбаев бул ишке көз жуумп койгон деген да айып тагууда.
Парламенттик шайлоо учурунда Бермет Акаеванын талапкерлигин алып салуу тураалуу арыз менен БШКга Замира Сыдыкова кайрылган. Бирок БШК ага эч кандай негиз жок деп жооп кайтарган. Сулайман Иманбаев өзүнө коюлуп жаткан айыптар менен макул эмес:

- Саясий партияллар шайлоо учурунда атайын кор түзүп, андагы каражатты кайсы талапкерге жумшайт аны өздөрү чечет. Ал эми Замира Сыдыкова жазган арыз мыйзамда айтылган мөөнөттөн кеч түшкөн. Ошондуктан БШКнын жыйынына чыгарбай эле комиссия түзүп, анын жообун бергенбиз.

Анын айтымында, Бермет Акаеванын үгүт өнөктүгү учурунда мыйзам бузгандыгы жөнүндө ал иштеп аткан убакта жетиштүү материалдар жок болчу:

- Бермет Акаева финансылык шайлоо кору боюнча мыйзам бузган эмес, башка талапкерлер менен бирдей эле караганбыз ага. Ал эми кандайдыр бир мыйзам бузуулар болгондугу жөнүндө далилдерди кийин эле таап чыгышты го. Билбейм, мен иштеп атканда андай материалдар жок болчу.

Экс-президенттин кызы менен ат салышкан Болот Марипов андай далилдерди да чогултуп, сотко да кайрылып көргөн. Бирок райондук сот дагы, Жогорку сот дагы Бермет Акаеванын депутаттык мандатын өзүндө калтырган. Март айындагы ыңкылаптан кийин Башкы прокуратура Университет округундагы мыйзам бузуулар боюнча материалдардын топтомун бергенден кийин соттун чечими менен депутаттык укугунан ажыратылган.

«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин айтымында, Сулайман Иманбаевге 2000-жылы болгон президенттик шайлоого байланыштуу да кылмыш ишин козгош керек болчу.

- 2000-жылы алгач Чолпон Баевкова Аскар Акаевге дагы бир жолу шайлана аласыз деген чечим чыгарып берди. Ошентип шайлоого катышты. Аскар Акаев көп болсо 30 пайыз добуш алса керек. Сулайман Иманбаев ага 86 пайыз жасап бербеди беле. Ошол кантип унутулусун!? Мындай адамдарды мыйзам алдында чөгөлөтүш керек.

Парламенттик шайлоо убагында Университет округу боюнча мониторинг жүргүзүп, анда административдик күч колдонулуп жатканын айтып чыккан уюмдардын бири «Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюму. Анын лидери Төлөйкан Исмаилова бул сот жараяны абдан маанилүү дейт:

- Сулайман Иманбаевге кылмыш иши козголгону абдан маанилүү. Бул сот жараянында биз күбө катары өтүүгө даярбыз. Биздин колдо фактылар бар. Андыктан бул сот жараяны абдан кызыктуу болгону калды көрүнөт.

Экс-президенттин кызы мандат алган округда 18- сентябрда кайра шайлоо болот. Анда өз кезегинде Бермет Акаевага атаандаш болгон Болот Марипов менен Кунай Шеримкулов да ат салышып жатышат.

XS
SM
MD
LG