Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ УКУКТУК ТУҢГУЮККА КЕПТЕЛДИБИ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Парламент өкмөттүн түзүмүн жана курамын «Өкмөт жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамга ылайык бекитет. Ал эми Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Өкмөт тууралуу» мыйзамга мамлекет башчы каршы пикирин билдирип, артка кайтарды. Байкоочулар өлкөдө түзүлгөн мындай абалды укуктук жактан түзүлгөн туңгуюк катары баалашууда. Абалдан чыгуунун кандай жолдору бар?

Өкмөттүн түзүмүн жана курамын бекитүүдөн мурда Жогорку Кеңеш «Өкмөт тууралуу» Конституциялык мыйзамды кабыл алышы керек. Анткени өкмөттүн түзүмү жана курамы аталган мыйзамдын негизинде аныкталат. Парламент жайкы эс алуудан кийин, кызуу талаш-тартыштан соң, өкмөт тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алып, президентке жөнөткөн эле. Ал мыйзам долбооруна президент тарабынан вето коюлду.

Мындай көрүнүштү президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев укуктук жактан туңгуюкка окшогон абал катары баалайт:

- Туңгуюкка окшоп турат. Депутаттар муну чечиш керек. Антпесе мындан ары өкмөттүн түзүмүнө киришүүгө болбойт.

Президент аталган мыйзамдын бир гана беренесине, тагыраак айтканда, жыйырма экинчи беренесине каршы болгон. Ал беренеде келечекте өлкөдөгү административдик ведомстволор, мамлекеттик инспекциялар жана ангенттиктер өкмөттүн эмес, министрликтердин алдында болушу керек деп жазылган. Президент жана айрым депутаттардын пикиринде, мындай мамлекеттик органдар министрликтердин эмес, өкмөт алдында түзүлүшү зарыл. Ошол эле мезгилде мындай сунушка көпчүлүк депутаттар макул эмес.

Алардын бири Каныбек Иманалиев мындай пикирде:

- Агенттиктер министрликтин алдында болсун, ошондо гана көзөмөл күч болот. Мисалы, мамлекеттик сатып өткөрүү агенттиги кичине эле агенттик катары сезилет бирок ал жылына бир миллиард сомдон ашуун акча менен иш кылат. Ошондуктан биз бул агенттикке көзөмөл жасап турушубуз керек. Ал министрликтин алдында болсо, биз ага көзөмөл жасай алабыз. Өкмөттүн алдында түзүлсө, ага бир киши гана көзөмөл кылып калат. Ал туура эмес.

Ошентип, парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда «Өкмөт тууралуу» мыйзам долбоору боюнча пикир келишпөөчүлүк орун алууда. Баш мыйзамдын 66-беренесине ылайык, эгерде президенттин каршы пикирине парламент макул боло турган болсо, мамлекет башчы вето койгон мыйзам кыска убакыттын ичинде Жогорку Кеңеште кайрадан каралаары жазылган. Ал эми парламент президенттин пикирине макул болбой турган болсо, мамлекет башчы каршы пикирин билдирген мыйзам долбоору, Жогорку Кеңеш тарабынан кайрадан алты айдан кийин каралыш керек. Азырынча депутаттардын арасында, президенттин каршы пикири боюнча бирдиктүү бир пикир жок.

Буга байланыштуу биз мындай абалдан кантип чыгууга болот? - деген суроо менен айрым депутаттарга кайрылдык.

- Бул жерде эки тарап тең отуруп сүйлөшүшүбүз керек. Анткени Баш мыйзамга ылайык, эгерде биз президенттин сунушуна каршы болсок, бул мыйзам долбоору бир жылдан кийин каралат. Эгерде биз макул болсок, аталган мыйзамды дароо эле карап берсек болот, - дейт депутат Исках Масалиев.

Ал эми депутат Марат Султанов буларды кошумчалады:

- Абалдан чыгуу үчүн өкмөт өзү сунуш кылган өкмөттүн түзүмүн өзгөртүп, ведомстволордун, агенттиктердин санын кыскартып келсе биз президенттин сунушуна макул болобуз. Кырдаалдан ушундай чыкса болот.

XS
SM
MD
LG