Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Нарында өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу кабыл алынды


НАРЫН. Кыргызстан элдик кыймылы партиясынын Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкенге караганда, президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, премьер-министрдин наамына жазылган ал кайрылууга нарындык студенттер, бей өкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү, эмгек ардагерлери болуп, жүзгө чукул адам кол койгон. “Сиз 25-мартта борбордук аянтта он миң деген элге коррупция менен күрөшөм, жаңы, мыкты адистер келет деп убада бергенсиз. Бирок КТР баш болуп мурдагыдай эле иштеп, чиновниктер өз милдеттери менен эмес кадрдык маселени чечүү менен алек. Элдик лидерлер Роза Отунбаеванын дарегине атайын уюштурулган иштер башталды. Кийинки кезек Азимбек Бекназаровдукубу? Бул иштерди азыртадан токтотпосоңор мындай бийлик көпкө чейин чыдабайт” деп жазылган ал кайрылууда. Аталган партия мүчөсү Алик Акунов кайрылуу борбордук массалык маалымат каражаттарына жана Кыргызстан элдик кыймылына кирген башка партияларга да таратылаарын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG