Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Турсунбай Бакир уулу бийлик башчыларына кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Кыргызстандын элчилик кызматына кызматтан түшкөн мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин, ишкерлердин, мамлекеттик бийликте отургандардын туугандарынын дайындалышын, элчилик кызматты он жылдап ээлеп отурууну Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу колдобойт. Анын пикиринде, бир өлкөдө бир элчинин же консулдун он жылдап отурушу, кыргызстандыктардын укуктарын жетиштүү коргобой жатышы өндүү көрүнүштөр Кыргызстандын аброюна доо кетирип жатат. Ушундай эле жагдайлар жаш, кесипкөй дипломаттардын өсүшүнө тоскоолдук кылып, алардын укуктарына шек келтирүүдө. Ушундай көрүнүштөргө жол бербөө сунушун билдирген кайрылууну акыйкатчы президент Курманбек Бакиевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаевага жолдоду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG