Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Мыйзам долбоорун талкуу уланды


БИШКЕК. 13-сентябрда Жогорку Кеңеш «Өкмөттүн структурасы жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкууну улантты. Депутаттар талкууда транспорт жана коммуникация министрлигин калыбына келтирүү, экономика, энергетика министрликтерин түзүү, калкты социалдык жактан коргоо жана эмгек министрлигин саламаттык сактоо министрлигине, ал эми өзгөчө кырдаалдар министрлигин коргоо министрлигине кошууну сунушташууда. Бул сунуштардын негизинде бирдиктүү долбоорду иштеп чыгууга 14-сентябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде аракет жасалмакчы. Шейшембидеги жыйынга премьер-министр Феликс Кулов катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG