Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Акыйкатчы буйрутма киши өлтүрүүнү Коопсуздук кеңеши иликтеши керектигин белгиледи


БИШКЕК. Кыргызстанда болуп жаткан буйрутма киши өлтүрүүлөргө күнөөкөрлөрдү табуу Коопсуздук кеңешинин гана колунан келет, ошондуктан, бул маселеге Коопсуздук кеңеши өзүнүн жакынкы отурумдарында кайрылышы керек. Ушундай мазмундагы кайрылууну Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу президент Курманбек Бакиевге жолдоду. Акыйкатчынын 13-сентябрда «АКИ-пресс» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында белгилегенине караганда, буйрутма киши өлтүрүү боюнча коомдук жана саясий ишмер Султан Ибраимов атып өлтүрүлгөн 1984-жылдан бери бир да кылмыш ачыла элек. Ишкер Юсуп Көлбаевди өлтүрдү деп кесилген Вячеслав Абдрашидов менен Таалай Бейшенбиев өздөрүн күнөөсүзбүз деп санашат. Ошондуктан, бул өңдүү иштерди тереңирээк иликтеп, киши өлтүрүүгө буйрук бергендерди табуу керек, дейт акыйкатчы. Жогорку Кеңештин отурумунда белгиленген маалыматка караганда, 2001-жылдан бери Кыргызстанда буйрутма жол менен 36 киши өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG