Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Дырылдаев Бакиевди экс-премьердин кайрылуусун колдобоого чакырды


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин экс-премьер-министр Николай Танаевге байланыштуу жүрүп жаткан тергөө иштерине кийлигишпей тургандыгына ишенерин 13-сентябрда Адам укугу боюнча кыргыз комитети билдирди. Комитеттин мындай билдирүү жасашына учурда коопсуздук кызматынын тергөө абагында отурган экс-премьер-министр Николай Танаевдин президентке, башкы прокурорго, Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун төрагаларына кайрылуусу негиз берди. Танаев өз кайрылуусунда көрсөтүлгөн фактыларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү сунуштаган. Ал эми адам укугу боюнча комитет билдирүүсүндө тергелип жаткан кылмыш ишине мыйзам боюнча көзөмөл жүргүзүүчү органдан башка бир дагы тарап кийлигише албай тургандыгын белгилеген. Николай Танаев жок дегенде өкмөт башчылык кызматтагы принципсиздиги үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек, деп айтылат кайрылууда.

XS
SM
MD
LG