Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Кышка даярдык начар


БИШКЕК. Азыркы күндө биз кышкы жылытуу убагына даяр эмеспиз, деп билдирди Бишкек ТЭЦинин башчысы Лев Васильев 13-сентябрдагы маалымат жыйынында. Анын айтымында, кыштан чыгуу үчүн Бишкек ТЭЦине 750 миң тонна көмүр керек болсо, анын 301 миң тоннасы гана алынып келинди. Ал эми газ боюнча Өзбекстан менен келишим жок. Энергетика тармагында карыздар, төлөбөстүктөр кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Маселен, бөлүштүргүч компаниялардын электр станцияларга карызы 3 миллиард 650 миллион сомго жетсе, ТЭЦтин жумушчуларына карыз 14 миллион сомдон ашып баратат. Мындай абалдан чыгуу үчүн төлөбөгөндөргө жылуу суу, электр энергиясын берүүнү токтотуу керек жана өкмөт бул жерде саясий эркин көрсөтүш керек. Ансыз энергетикалык кризис алыс эмес, деп белгиледи Лев Васильев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG