Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Алмаз Атамбаев министрдин милдетин аткаруучу болду


БИШКЕК. Социал-демократиялык партиянын төрагасы, белгилүү ишкер Алмаз Атамбаев экономикалык өнүктүрүү, тышкы соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Буга байланышкан жардыкка президент Курманбек Бакиев 13-сентябрда кол койду. Президенттин дагы бир жардыгы менен Амангелди Муралиев экономикалык өнүктүрүү, тышкы соода жана өнөр жай министринин кызматынан бошотулду. Ушул күнкү дагы бир жардыктын негизинде Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы, Сингапурдагы, Монголиядагы жана Таиланддагы элчиси Эрлан Абдылдаев кызматынан бошотулду. Президент ошондой эле кезектеги буйругу менен Талас шаар мэри Марат Кашкаралиевди иш мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотуп, анын ордуна Сыргабек Кулназаровду дайындады.

XS
SM
MD
LG