Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Цемент-шифер заводу мамлекетке кайтарылышы ыктымал


Канттагы цемент-шифер заводунун 67 пайыз акциясын мамлекетке кайтаруу максатында кылмыш иши козголгон жана ал иш жакын арада сотко өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров 13-сентябрда Канттагы цемент-шифер заводунун эмгек жамааты менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, 1998-жылы өкмөттүн токтому менен комбинаттын 67 пайыз акциясы «Симентс Ди Лакс» фирмасына берилген. Ал фирма комбинатты модернизациялоого 16 миллион доллардан ашуун, ал эми социалдык тармакка 1 миллион доллардан ашуун инвестиция жасоого милдеттенме алган. Бирок алардын бирөөсү да аткарылган эмес. 2002-жылы болсо «Симентс Ди Лакс» 67 пайыз акцияны 231 миллион сомго Казакстанда катталган «Азия цемент» фирмасына сатып жиберген. Бул иштердин баарын жасаган Адил Тойгонбаев качып жүрөт. Ага шарт түзгөн мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин айрым жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылуу алдында турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG