Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

ЧАЧЫЛГАН АЙЫЛ ЧАРБА, ЖЫРТЫЛГАН ЖОЛДОР, Н. ТАНАЕВДИН АРЫЗЫ


Убадасынан тайып Казакстанга өтүп баратканда камакка алынган мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев ага каалаган жерине барууга президент К. Бакиев өзү уруксат бергенин жарыя кылды. Өкмөт түзүмү долбооруна Транспорт жана коммуникация министрлиги кирбей калганы кызуу талаш-тартышты жаратууда. Эмнеликтен айыл чарбасы акырындап артына кетүүдө?

Өлкө жетекчилерине жөнөткөн ачык катында Николай Танаев 2-сентябрда К. Бакиевдин кабыл алуусунда болгон кезинде андан чет өлкөгө чыгууга уруксат сураса макул болгонун маалымдайт. «Сиз ушундай уруксат бербедиңиз беле?» дейт мурдагы өкмөт башчы. Президенттин макулдугун алган экс-премьер-министрди кыргыз-казак чек арасынан кармашып, мурдагы баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка алышкан. Н. Танаев анын ишин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүү сунушун билдирген.

Мурдагы өкмөт башчынын камакка алынышы, ушу тапта иштеп аткан Улуттук банк төрагасы Улан Сарбановдун үстүнөн козголгон кылмыш иши жакын арада сотко ашырылары апта башындагы кыргыз басылмаларынын дээрлик баарында чагылдырылды.

«Тарыхтын тамашасы ушул», деп жазат шейшембидеги «МСН» гезитинде Лариса Ли. А. Акаевдин айткан-дегенин илгиртпей аткарууга көнгөн шакирттери жадагалса оңор эмес акчаны президентке берип атып андан алгандыгы тууралуу тилкат суроого же чыгым кылынгандыгын тастыктаган кагаз сурашка эрки, чыдамы жетпептир. Башкы прокуратура мындан 6 жыл илгерки окуяны апыл-тапыл изилдеп ачыкка чыгарып азаматтык кылганы менен 24-март күнү күпкүндүзү Жалалабаттагы Улуттук банктын филиалынан 126 миллион сомду алып чыгып кетишкендерди эмдигиче мыйзам жоопкерчилигине тарта алышпаганы таң калтырат, деп маалымдайт Лариса Ли.

Автордун ырасташынча, банктан акча алгандар кыйласын кайтарып беришкени менен эмдигиче 22,7 миллион сому ордуна коюша элек. Улуттук банк төрагасы акча уурдагандардын атын айтып, аны кимдер уюштурганын табууга болгон аракетин жумшай тургандыгын билдирген. Ага каршы козголгон кылмыш ишинин ыкчам жүрүшүнө мына ушул жагдай да себеп болушу ыктымал.

Мезгилдүү басылмалардын бетинен түшпөгөн дагы бир талаштуу тема өкмөт түзүмү болууда. «МСН» гезитинин кабарчысы Елена Скородумова жаңы өкмөттү ыкчам түзө албай Кыргызстан дагы бир саясий кризиске кабылганы калды, деп белгилейт.

«Чоң талаш эле экономиканы башкарууну өкмөткө берүү керектин айланасында болууда», деп жазат 13-сентябрдагы «Слово Кыргызстана» гезитинде К. Аскерова.

«Жогорку Кеңеш кийинки кездери президенттен боюн алыс тутууда, ага ишенбей баратат, мамлекет башчысы оголе көп катачылыктарды, кемчиликтерди кетирүүдө». Бул «Вечерний Бишкек» гезитинин кабарчылары Е. Авдеева менен Э. Темирдин пикири.

«Кытайдын 1,5 миллиард калкын кооператив менен мамлекеттик чарбалар эле багып жатат. Ал жерде гектиринен 50 центнерден төмөн кызыл дан алган чарбалар жок», дейт академик Жамин Акималиев «Слово Кыргызстана» гезитиндеги маегинде. Окумуштуунун айтымында, ушу тапта Кытайда гектиринен 100 центнерден түшүм берчү буудайдын өзгөчө сорту өстүрүлүүдө. Кыргызстанда эгиндин түшүмдүүлүгү жылдан-жылга азаюуда, мал чарбасынын абалы деле чеке жылытарлык эмес. Сугат жердин көбүн шор басып, кыртыштын сапаты начарлоодо. Ж. Акималиев айыл чарбасын алдыга жылдыруу үчүн дыйкан чарбаларын ирилештирүү, кооператив бирикмелерин түзүү, кайра иштетүү өнөр жайын көтөрүү сунушун киргизген.

Жаңы өкмөт түзүмү боюнча Транспорт жана коммуникация министрлиги жоюлуп, ордуна автожолдор жана транспорт агенттиги уюштурулат. «Мен деле чочулап турам, эгерде иш ушундай жол менен кетип калса, анда эң чоң, эң керектүү тармакка приоритет кылбай койгондой болуп калат», дейт Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков «Эрикнтоо» гезитиндеги маегинде. Министрдин маалымдашынча, Кыргызстандагы жолдордун узундугу 34 миң чакырымды түзөт. Өлкө боюнча жыл сайын 200 чакырым асфальт жол жараксызга чыгууда.

«Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгында парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин маеги жарыяланды. Төрага парламент менен президентти бир жылда шайлабай, бирин мурда, кийинкисин жыл жаңыртып шайлоо зарылдыгын, аткаруу бийлиги менен мамлекет башчынын укуктарын теңдөөнүн франциялык-португалиялык усулун сунуш кылат.
XS
SM
MD
LG