Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Өзбекстанда америкалык бейөкмөт уюмдун иши токтотулду


Ташкен соту дүйшөмбүдө Эл аралык изилдөө жана тажрыйба алмашуу кеңеши болгон АЙРЕКС Өзбекстандын мыйзамдарын бузган деп тапкан эле. Өзбекстандын юстиция министрлигине ылайык, АЙРЕКС бийликтерге бул программа боюнча Кошмо Штаттарында окуган өзбек атуулдары тууралуу маалымат берген эмес. АЙРЕКС – билим берүү, көз карандысыз маалымат каражаттары жана атуулдук коомду өнүктүрүү жаатында иштеген бейөкмөт уюм. Мындан бир нече күн мурда өзбек бийликтери маалымат каражаттары менен иштеген дагы бир америкалык ИНТЕРНЬЮС уюмун жабууга өкүм кылган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG