Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Ирандын президенти Бириккен Улуттарга барат


Махмуд Ахмеди Нежад БУУнун баш жыйында сөз сүйлөө үчүн, бүгүн Нью-Йоркко жол тартууда. Иран президенти өлкөнүн өзөктүк программасына байланыштуу Батыш менен тирешүүсүн жөнгө салуу боюнча жаңы сунуш менен чыгаарын кыйытып, буларды кошумчалады:

- Өзөктүк кубат - кудай-тааланын берген байлыгы. Ал адам баласынын жетишкендиги жана дүйнөнүн бардык улуттарына тийешелүү. Бардык улуттардын бул таза энергияны колдонууга укугу бар.

Ирандык өкүлдөр президент Орусия, Кытай, Түштүк Африка сыяктуу өлкөлөрдү ядролук сүйлөшүүгө катыштырууну сунуш этиши мүмкүн экендигин айтышууда. Буга чейинки сүйлөшүүлөр Британия, Германия, Франциянын катышуусунда өтүп келген эле. Кошмо Штаттары Иранды ядролук курал жасап жатат деп айтып келет.

XS
SM
MD
LG