Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:38

ЖАҢЫ БИЙЛИК НЕДЕН ЖАҢЫЛДЫ?


Азиза Турдуева, Бишкек Март айындагы ыңкылаптан кийин бийликке келген убактылуу өкмөттүн ишине карата ар кандай ой-пикирлер айтылууда. Бир катар саясатчылар жаңы бийликтин ишиндеги айрым кемчиликтерди кескин сынга алышса, саясатчылардын дагы бир бөлүгү жаңы бийлик өлкөнүн экономикасын көтөрүп, элдин турмушун жакшыртат деген ишенимде.

Март айындагы ыңкылаптан кийинки бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер айрым саясий партиялар тарабынан сынга алына баштады. Алардын бир бөлүгү жаңы бийликтин кадр тандоодогу, экономика тармагындагы жүргүзгөн ишин, инвестицияларды тартуу боюнча аракеттерине карата сын-пикирлерин айтышууда.

Бул жөнүндө «Менин өлкөм» партиясынын жетекчилеринин бири Курманбек Дыйканбаев мындай деди:

- Мына азыр жетекчилик кызматтарга, губернатор, акимдер жаңыдан дайандалышты. Бирок алардын көпчүлүгү өздөрүнүн ээлеген кызматтарына адистик жактан жооп беришпейт. Алар жаңы ыкмалар менен иштөөнүн ордуна, мурдагыдай эле иш алып барышууда. Менимче, бийлик тез аранын ичинде элдин турмушун оңдоп, экономикалык абалды жакшыртышы керек. Анткени, андай болбосо, эл кайрадан нааразылык акцияга чыгышы толук ыктымал.

Ал эми «Элдик-патриоттук кыймылынын» тең төрагасы Болот Байкожоевдин жаңы бийликке карата пикири төмөнкүчө:

- Жаңы бийлик келгенине жарым жылга жакындап калды. Бирок азырынча ошол март айында берилген убадалардын бири да аткарыла элек. Коррупцияга каршы күрөшөбуз дешти эле. Ал да иш жүзүндө жок. Тескерисинче, азыр коррупция мурдагыдан да өнүгүп баратат. Бул тууралуу ишкерлер да айтып жатышат. Инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт дешти эле. Ал жа жок. Азыркы бийликтин сүйлөгөн сөзү гана болбосо, иш жүзүндө эч нерсе жок. Кыскасы, элдин үмүтү акталбай атат .

Кээ бир саясий партиялардын өкүлдөрү болсо, жаңы бийликтин тышкы саясатын сындашууда. Бул боюнча «Акыйкат» партиясынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев буларга токтолду:

- Менин пикиримде, азрык бийлик тышкы саясатында өтө чоң калпыстыктарды кетирип жатат. Анткени, ал азыр кайсы өлкө менен стратегиялык өнөктөш боло тургандыгы боюнча өзү да жакшы түшүнбөй турат окшойт. Биз кичинекей өлкө болгондон кийин, чоң державалар менен да орток бир мамиле жасап, бирок ошол эле учурда улуттук кызыкчылыкты көздөгөн тышкы саясатты жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Бирок азыркы бийлик өлкөнүн андай тышкы саясат боюнча концепциясын бузуп койду. Бул туура эмес болуп жатат .

Ал эми бир катар партиялардын өкүлдөрү жаңы бийликтин аракеттерин колдоого алып, март айынан бери коррупцияга каршы күрөшүүдө, элдин социалдык абалын жакшыртууда бир топ жылыштар орун алып жаткандыгын белгилешүүдө. Мындай пикирин Коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири Орозбек Дүйшеев мындайча билдирди:

- Азыркы бийлик алдыда өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрөт деп ишенем. Анткени, бийлик башына татыктуу адамдар келди. Курманбек Бакиев - өндүрүшчү, ал экономиканы жакшы түшүнөт. Ал эми Феликс Кулов укуктук маселелерди жакшы түшүнөт. Жаңы бийлик келгенден бери экономика тармагында бир топ жылыштар болуп жатат. Маселен, салык саясаты кайрадан каралууда. Ишкерлер үчүн шарттар түзүлүп жатат. Мунун баары келечекте жакшы натыйжаларды бермекчи. Менимче, эми элдин да жашоо-турмушу оңолот.

Айрым саясатчылар болсо, азырынча жаңы бийликтин ишине баа берүү эртелик кылаарын айтышууда. Бул жөнүндө экс-спикер, белгилүү саясатчы Медеткан Шеримкулов төмөнкүлөргө токтолду:

- Азыр эми биздин өлкөдө эки гана легитимдүү жетекчи бар. Бири – президенттик шайлоодо электораттын көпчүлүк добушуна ээ болгон Курманбек Бакиев, экинчиси – парламенттин колдоосуна ээ болуп, премьер-министрликке дайындалган Феликс Кулов. Ал эми өкмөт жаңыдан дайындалган сон, анын ишине 100 күндүк мөөнөттөн киийн гана баа бериле башталат да. Мындай эреже бардык эле өлкөлөрдө бар. Эми парламент аркылуу жаңы бийлик шайлангандан кийин, 100 күн убакыт өтсүн, анан көрөбүз, алардын иши кандай болоорун. Ал эми менде болсо, азыркы бийлик Аскар Акаевдин кетирип жатып, элге берген сөзүн, калкка берген антын, убадасын актара алат деген ишенимим бар .
XS
SM
MD
LG