Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

ЫРААКЫ ЧЫГЫШТЫ ШАРП ЫЛАҢЫ КАПТАП БАРАТАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын Ыраакы Чыгышында дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнүндө 119 баш уй шарп жугуштуу оорусу менен ылаңдаганы аныкталган. Мал көп ылаңга учураган кыштак Спасский районундагы Красный Кут болууда. Ал кыштактан биринчи жолу 26 августта уйдун шарп ылаңы катталган. Орусиялык чукул кырдаалдар министирлигинин маалыматына караганда, ал аймакта азыр шарп илдети тараган сегиз район бар. Ыраакы Чыгышта шарп ылаңы катталгандан бери баш-аягы миңден ашуун мал кырылган.

Кечээ “Азаттыктын” кабарчысы билдиргенге караганда Ыраакы Чыгышта малдын шарп илдети дагы эле басыла элек. Шаршембиде, маселен, мурдагыга кошумча дагы 100 уйдун илдетке чалдыгышы катталган. Алардын 73 туягы Спасский районуна карашатуу Красный Кут кыштагынын малы болгон. Мал шарпынын башталышы да ошол кыштакта 26 августта катталган.

Илдетке чалдыккан мал Примор крайынын Хорол жана Лесозавод райондорунда да бар экен. Бул күндөрү ал крайдын сегиз районунда шарп илдети жайылып, баш аягы кара мал менен майда малдын миңден ашуун туягын кырып кеткен.

Бул жолку жайылып бараткан шарп илдетти «Азия-1» деп атап, ага каршы эмдөө иши башталган. «Азаттыктын» Ыраакы Чыгыш боюнча кабарчысы Марина Лобода айтканга караганда, шарп эпидемиясынын айынан Хабаров менен Приморье крайларынада чукул кырдаалдар киргизилген:

- Крайда баш-аягы миңден ашуун шарп менен ылаңдаган уйларды кыруу болду. Ошого карабай ветеринардык кызматы дагы да шарп илдети жуккан малдарды таап алып атышат. Мурдагы жекшембиде жүздөн ашуун малдын Спасс районуна карашатуу Красный Кут кыштагында ал илдтетке чалдыгышын аныкташты. Ушул жерде мындан үч жума мурда шарптын алгачкы жолку табылышы катталган. Андан бери крайдын сегиз районуна ал жайылып кеткен. Алар дегинкиси түштүк тараптагы райондор. Ошондуктан ветеринарлардын шарп илдети кошуна кытайдан келди дегенди күбөлөп тургандай. Карантинге алынган кыштактарда режим абдан катуу. Мындай режим дагы кеминде үч аптага созулат дешет.

Жугуштуу илдеттин бат жайылып кетиши, аны айыктыруучу эм дарынын крайда жок болушунан улам болду дешет. Андан сырткары дарттын чындап эле жугуштуу илдет экенин далилдеп берүүчү илимий кенсе Маскөөдө болгондуктан аны тартып барып анализден өткөрүп, жыйынтыгы чыгып келгиче, арадан бир апта өткөн. Ошондон кийин гана борбордон Примеорье крайга 150 миң эмдөө дарысы шашылыш жиберилген. Крайда экинчи орунга чыккан катуу маселе – малы илдетке учурап союп салууга дуушар болуп аткан тургундарга жөлөк пул төлөө алигичие чечиле электигинен улам пайда болгон. Ошол себептен кыйла кишилер малы ылаңдап атса да аны соо деп жашырып жабууга өтүшкөн дешет.

Мындан төрт жыл мурда шарп илдети Европада да чыгып, анда анын кеңири жайалган жери Улуу Британия болгон. Аталган өлкө ошол кезде жүз миңдеген кара малды кырып салуу менен ыландан арылганы белгилүү.
XS
SM
MD
LG