Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

КАРЖЫ УЮМДАРЫ МАСИЛЕТ КУРУШУУДА


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү чогулуп, тыштан келчү экономикалык жардамды кайсы тармакка жумшоо натыйжалуу болорун талкууга алышты. Тыш карызы 2 миллиард доллардан ашып, ички карызы 176 миллион долларды чапчып калган Кыргызстандын шартында кайсы тармакка кандай жардам берилиши олуттуу саясий-экономикалык маани-мазмун алууда.

Асманды чапчыган тышкы-ички карыздардын төөбастысында калган Кыргызстанда кийинки жылдары алынчу кредит, грант акчаларды натыйжалуу пайдалануу тууралуу арбын айтылып, алынган акчалардын кайрымжысы кандай болгону иликтөөгө алынууда. Мурдагыдай өкмөттүн кепилдиги менен бапыратып жардам алуу токтолуп, оңор эмес акчалар эмнеге жумшалганы көпчүлүктү кызыктырары турган иш. Кыргызстандын Каржы министрлигинин статс-катчысы Эмирлан Төрөмырзаевдин айтымында, ушу тапта алынган жардамдын кантип пайдаланылганы иликтенүүдө.

- Комитет жетекчиси Замирбек Эсенаманов баштаган парламенттик комиссияга депутаттардан, өкмөттөн, бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр кирген. Алар ушу тапта расмий түрдө 1992-жылдан тарта алынган тыш карыздардын кандай пайдаланылганын иликтешүүдө. Комиссиянын иш жыйынтыгын күтө туралы, бул парламенттин бүтүмү болмокчу. Ошондуктан бул жерде менин алдын-ала бүтүм чыгарышым туура болбойт го.

Буга чейин бир ирет парламент атайын комиссия түзүп, өкмөт тышкы карыздарды кантип пайдаланып жатканын иликтеген жайы бар. Эгемендиктин алгачкы жылдары алынган карыз акчалардын кыйласы өкмөткө баш оорудан башка эч нерсе алып келбегени деле убагында көп айтылган.

Бишкектеги эл аралык каржы уюмдарынын жыйынында мына ушул талылуу маселе талкууга алынды. Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Малик Ашрафтын ырасташынча, мурда өз алдынча иш жүргүзүп келишкен эл аралык уюмдар мындан ары биргелешип аракет кылуунун камын көрүшмөкчү.

- Бүгүн башталып аткан иш чоң көнүгүүнүн башталышы гана. Алдыдагы бир жыл ичинде эмне жасарыбызды тактап, бирдиктүү экономикалык программаны түзүүгө даярдык көрөбүз. Пограмманы ишке ашырууга Дүйнөлүк банк, Азия өнүгүү банкы, Улуу Британиянын эл аралык кызматташуу департаменти, Улуттар уюмунун Өнүгүү программасы катышмакчы. Буга чейин бул уюмдар өз алдынча иштешкен. Эми биз биргелешип иш алып баруу ниетиндебиз. Стратегиялык багытыбыз бир, аткарчу жумушубуз ар түрдүү болмокчу.

Программанын кандай аткарылганы, дегеле «көнүгүүнүн» кандай жасалганы эмдиги жылкы кошмо жыйында талкууланмакчы. Кыргызстандын Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров эгер эл аралык каржы уюмдарынын биргелешкен аракети натыйжасын берсе, бул ишти дагы улантууга кызыкдар экенин маалымдады.

- Бүт донорлордун баары чогулуп алып, бюджети болобу же программаларды колдошобу, ошонун баарын такташтырып, анан бир багытта иштеп көрөлү деп, мына бүгүн саламаттык сактоонун ичинде кандай иштерди жасоо керектигин талкуулаганы жатабыз. Эгер баары жакшы болуп, баары бир чечимге келе турган болсо муну билим берүүгө да, айыл чарбасына да колдонуп, ар кайсы донорлор ар кайсы багытта иштей бербесин деп, бир багытты алып, ошонун натыйжалуулугун арттыруу ниетин көздөп жатабыз. Дүйнөлүк банк менен Азия өнүгүү банктары – негизги донорлорубуздан. Ошолор өз ара макулдашып саламаттык сактоо тармагына эмдиги эки жылга 50 миллион доллар жардам берели деп жатышат.

Эл аралык каржы уюмдарынын жыйынына маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.
XS
SM
MD
LG