Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

БУУнун ЮБИЛЕЙЛИК САММИТИ БАШТАЛДЫ


14-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун саммити башталды. Күн тартибине коюлган негизги маселе – уюмду реформалоо. Кечээ кызуу талаштардан кийин Башкы ассамблея реформа боюнча документтин долбоору кабыл алды. Бирок анда кээ бир маанилүү маселелер камтылбай калды.

БУУнун Башкы ассамблеясы кечээки жыйынында уюмду реформалоо боюнча документтин долбоорун жактырды. Баш катчы Кофи Аннан Адам укуктары боюнча кеңешти жана Жаңжалдардан кийинки реконструкция комиссиясын түзүү демилгесин кубаттап, куралсыздануу, атомдук куралды жайылтпоо маселелерине келгенде мунасага жетишилбей калганын катуу сындады:

- Бул абдан өкүнүчтүү. Быйыл биз 2 жолу максатыбызга жетпей калдык: майда атомдук куралды жайылтпоо келишимин кайра карап чыкканда жана азыр. Лидерлер бул маанилүү маселени чечүү демилгесин өз колуна алышат деп үмүттөнөм.

Документте Улуттар Уюму демократия фонду аркылуу мүчө мамлекеттерге жардам берет деп айтылат. Бул сунушту Вашингтон колдоп чыкты. Долбоордо геноцид, этникалык тазалоо жана башка массалык кыргындарга бөгөт коюу чаралары белгиленет.

Андан тышкары документке терроризмди айыптаган пункт киргизилди. Бүгүн кечинде Коопсуздук кеңеши атайын сессия өткөрүп “террордук иш-аракеттерге тыюу салууну мыйзам түрүндө бекемдөөгө” чакырган резолюция кабыл алаары күтүлүүдө.

Буга байланыштуу АКШнын БУУдагы элчиси Жон Болтон саммитттин билдирүсү Кошмо Штаттардын приоритеттүү маселесин камтыйт, деп белгиледи:

- Бул алгачкы кадам. Биз каалаган өзгөрүүлөр, уюмдун катчылыгынын же мүчө-мамлекеттердин функцияларында болобу, жакшылап өткөрүлүшү керек.Биринчи кадам ийгиликтүү болгондугуна абдан кубанабыз.

Укук коргоочулар болсо Адам укуктары комиссиясын алмаштыра турган орган боюнча берилген сунуштар эске алынбаганына камтамачылыгын билдиришүүдө.

Хьюман Райтс Уочтун директору Пегги Хикс мисал катары Кеңештин мүчөлөрүн тандоо механизмин келтирет. Ал сунушка Беларус, Түркмөнстан, Куба жана Венесуэла каршы чыгышты.

- Макул болбогон өлкөлөрдү карап көрсөңөр, алардын бардыгынын тең эффективдүү, ийгиликтүү Кеңештен корко турган жайы бар. Башка сөздөр менен айтканда, ошол мамлекеттердеги адам укуктарынын абалы өтө начар.

Саммиттин ачылыш күнүндө башка лидерлер менен катар, Ирандын жаңы президенти Махмуд Ахмади Нежад да сөз сүйлөйт. Ал Ирандын өзөктүк программасы боюнча пайда болгон пикир келишпестиктерди жоюу жолдорун сунуштаары күтүлүүдө.

Кечээ Баш катчы Аннан бул маселени президент Буш менен талкуулады. Бирок сүйлөшүүнүн деталдарын айтып берүүдөн Аннан баш тартты.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG