Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Хакимов миграция департаментин мамлекеттик комитетке айландырууну жактайт


БИШКЕК. Тышкы иштер министрлигинин курамындагы миграция департаментин ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берүү өзүн актабайт. Мындай пикирин шаршембиде департаменттин башчысы Зафар Хакимов билдирди. Анын пикиринде, Кыргызстанды Орусия менен салыштыруу мүмкүн эмес, анткени, Орусия мигранттарды кабыл алуучу өлкө болсо, Кыргызстан аларды чыгаруучу өлкө. Болжолдуу маалыматтар боюнча, чет жерлерде иштеп жүргөн кыргызстандыктар жылына 160 миллион доллар киреше алып келип турат. Хакимовдун пикиринде, тескерисинче Кыргызстан үчүн өз алдынча миграция боюнча мамлекеттик комитет түзүү зарыл. Ушундай эле көз карашын буга чейин Жогорку Кеңештин миграция боюнча комиссиясынын төрагасы Кубанычбек Исабеков да билдирип келген. Ал эми өкмөт түзүмү жөнүндөгү долбоордо миграция департаментин ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүү парламентке сунушталган.

XS
SM
MD
LG