Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

«Терроризмге каршы күрөш жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы даярдалат


БИШКЕК. «Терроризмге каршы күрөш жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлмөй болду. Мындай тыянакты 14-сентябрда Жогорку Кеңеште өткөн тегерек үстөл талкуусу чыгарды. Тегерек үстөлдү парламенттин коргонуу, коопсуздук, тартип жана маалымат саясаты боюнча комитети уюштуруп, ага президенттик администрациянын, өкмөттүн, министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү катышты. Талкуунун жүрүшүндө «Терроризмге каршы күрөш жөнүндө» учурда иштеп жаткан мыйзам олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж экендиги белгиленди. Депутат Рашид Тагаевдин пикиринде, Кыргызстанда терроризмге каршы күрөштүн стандарттарын калыптоо үчүн алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү бул багыттагы мыйзамдар менен үндөштүрүү зарыл. Мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу демилгесин аталган комитет көтөрүп чыкты.

XS
SM
MD
LG