Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Төрага парламентти таркатуу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт


БИШКЕК. Жогорку Кеңешти таратууга теориялык жактан да, иш жүзүндө да мүмкүнчүлүк бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 14-сентябрда уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Конституция боюнча парламентти таратууга 300 миң шайлоочу макулдук берген шартта президент парламентти таратуу маселесин референдумга коюуга аргасыз болот. Текебаев мындай пикирин «Эркиндик» саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин демилгесиндеги кол топтоого байланыштуу билдирип, учурда 200 миң кол топтолгондугу тууралуу маалыматы барын айтты. Парламентти таратуу боюнча кол топтоо штабынан алынган маалыматка караганда, кол чогултуу аракеттери өлкө аймагында уланып жатат.

XS
SM
MD
LG