Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Ж. Фиаккони өзүнө тагылган айыптарды четке какты


БИШКЕК. Италиялык ишкер, “Айчүрөк” дүр-дүнүйө дүкөнүнүн кожоюну Жоржио Фиаккони Бишкек шаардык прокуратурасы жана Финансы полициясы тарабынан ага жана анын компаниясына коюлган айыптарды 14-сентябрдагы маалымат жыйынында четке какты. Анын айтымында, “Айчүрөк” дүкөнү экс-президенттин үй-бүлөсүнө эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче мурдагы бийлик тушунда аталган соода компаниясы 5 жыл аралыгында 233 жолу эсептөө палатасы жана тиешелүү мекемелер тарабынан текшерилген. Ишкер ошондой эле компания салыкты убагында төлөп, иш кагаздарында кемчиликтер орун албаганын, “Айчүрөк” ачык акционердик коомуна Башкы прокуратура жана финансы полициясы тарабынан негизсиз кысым көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Ал эми Башкы прокуратура Жоржио Фиаккониге Кылмыш-жаза кодексинин 4 беренеси боюнча, салык төлөөдөн качкан жана соттук чечимди аткарбаган деген айыптарды тагууда.

XS
SM
MD
LG