Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Николай Танаев камактан чыкты


БИШКЕК. Башкы прокуратура экс-премьер-министр Николай Танаевге карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, үйдөн чыкпоону сунуштады жана камактан бошотту. Бул тууралуу 14-сентябрда Башкы прокуратурадан кабарлашты. Бирок баш коргоо чараны өзгөртүү себеби түшүндүрүлгөн жок. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Танаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз жоктугун, эгер ден соолугу начарлап кетсе, чечим өзгөрөөрүн 13-сентябрда журналисттерге билдирген. Ал эми адвокат Максим Максимовичтин маалыматына караганда, экс-премьер-министр шаршембиде түшкү саат бирде камактан чыгып, үйүнө келди.

Николай Танаев 6-сентябрда Кыргызстан менен Казакстандын чегиндеги «Акжол» өткөрмө пунктунда кармалып, коопсуздук кызматынын тергөө абагына отургузулган. Танаевди Башкы прокуратура кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыптап жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG