Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Улуттар Уюмунда бүгүн дүйнөлүк лидерлердин жыйыны ачылды


Уюмдун баш катчысы Кофи Аннан жыйындын ачылышында сөз сүйлөп, 1435 дүйнөлүк лидерлерди ар бирин өз алдынча жана жалпы биргелешип реформа чөйрөсүндө иштерди улантууга, сабырдуу жана чыдамдуу, акылдуу болууга чакырды. Анын соңунан Башкы ассамблеяда АКШ президенти Жорж Буш сөз сүйлөдү. Жыйынга 150 падыша, президент жана премьер-министр катышууда. Мунун алдында Башкы ассамблея өнүктүрүү, адам укуктары, глобалдык коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери боюнча декларацияны жактырды. Документти эми дүйнөлүк лидерлер кабыл алууга тийиш. Декларацияда бир катар проблемалар жеткилең макулдашылбай, айрымдары так аныкталбай калды. Баш катчы Кофи Аннан буга өкүнүчүн билдирди.

XS
SM
MD
LG