Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

ИТАЛИЯЛЫК ИШКЕР ӨЗҮНӨ ТАГЫЛЫП ЖАТКАН АЙЫПТАРГА МАКУЛ ЭМЕС


Чолпон Орозобекова, Бишкек Бишкектин чок ортосундагы “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнүн, “Central Asia Times” гезитинин кожоюну Жоржио Фиаккониге эки кылмыш иши козголгон. Италиялык ишкер бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, өзүнө коюлуп жаткан айыптардын баарын четке какты. Жоржио Фиакконинин пикиринде, бул кылмыш иштердин артында кандайдыр бир максаттар болушу ыктымал.

Жоржио Фиаккони салык төлөөдөн качкан, бирөөнүн мүлкүн тартып алган, жасалма документтерди пайдаланган, соттун чечимин аткаруудан баш тарткан деген айыптар менен күнөөлөнүп жатат. Ал Кыргызстанда 10 жылдан бери иштейт. Бул ишкер негиздеген “Central Asia Times” гезитинин иши да тергөө органдары тарабынан токтотулуп, редакциядагы бардык материалдар алынган. Ошондой эле Жоржио Фиакконинин акциялары бар “Кыргызкредит” банкынын бир миллион долларга жакын акциясы камакка алынды.

Жоржио Фиаккони өзүнө тагылып жаткан айыптардын баарын негизсиз деп эсептейт. Ал буга чейин 4-августта Ички иштер министрлигинин алдындагы 9-убактылуу кармоочу жайда 7 саат кармалып турганын, ал эми коомчулукка белгилүү болгон 5-сентябрда экинчи жолу камакка алынганын айтты. Жоржио Фиакконинин айтымында, ага карата козголгон кылмыш иштер Кыргызстанга келе турган инвесторлорго жаман белги болуп калышы ыктымал:

- Бүгүн жасалып жаткан кадамдар чектен гана чыкпастан, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ачык-айкын белги. Алар бул өлкөдө өз инвестициясын сактап калышы үчүн өтө этият болушу керек деген белги.

Ишкер ага Италияда да кылмыш иши козголуп, Интерполдун издөөсүндө деген шаардык прокуратура тараткан маалыматты жокко чыгарды:

- Бул карандай калп. Мени Интерпол эч качан издеген эмес.

Бул италиялык ишкерге кылмыш иши козголушуна коомчулукта ар кыл пикирлер бар. Бул адам Аскар Акаевдин тушунда көп иштерди жасаган деген өңдүү пикирлер да айтылып жүрөт. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов Фиаккони мурунку бийликтин эрке баласы болчу дейт. Анын пикиринде, Аскар Акаевдин тушунда каалаганын жасап, каалаганындай жашаган. “Инвесторлорду качырып алабыз деп, каалаганын жасата беребизби?” - деп кошумчалады Кубатбек Байболов.

Мындан бир канча жыл мурда “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнүн менчиктештирилишине нааразы болгон тараптар арызданып да жүрүшкөн. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова бул боюнча арыздар абдан көп түшкөн дейт. Бирок Төлөйкан айрым баары бир бул кылмыш ишине чекитти сот коюш керек деген пикирде.

Ал эми президент алдындагы адам укугубоюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун бул окуя Кыргызстандын кадырын арттырбайт деген ойдо:

- Чет элдик инвесторду камакка алыш бул айла кеткендеги чара болуш керек. Бул Кыргызстандын кадырын көтөрбөйт. Жоржио Фиаккони Аскар Акаевдин тушунда каалаганындай жүргөн. Бирок азыр заман өзгөрдү. Акаевдин тушунда каалаганындай жүргөн деп эле куугунтуктай берсе болбойт.

Жоржио Фиаккони азыркы бийлик мүмкүнчүлүк берсе Кыргызстандагы ишимди улантам деген ниетин билдирди. “Дагы он жыл Кыргызстанда калганга даярмын, бирок ошол он жыл бою түрмөдө отургум келбейт” - деди Фиаккони.

XS
SM
MD
LG