Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

БАЛЫК ЭМЕС, КАЙЫРМАК БЕР


Париж клубунун талабын аткарып, Кыргызстан мүчө өлкөлөрдүн төртөө менен карыздарды төлөөнү кийинкиге жылдыруу боюнча эки тараптуу келишимдерге кол койду. Төртүнчү болуп эки тараптуу келишимге кол койгон Жапан өкмөтү 239 миллион доллар карызды 13 жылдан кийин 40 жылга чейин төлөп берүү шартына макул болду.

Жапан өкмөтү карыз акчанын башта белгиленген жылдык үстөгүн 2,3 пайыздан 1,3 пайызга түшүрүп берди. Париж клубу белгилеген 30-сентябрга чейин өкмөт Дания менен кош тараптуу келишимге кол коюуга жетишкени турат. Тек, клубга мүчө алты өлкөнүн акыркысы Түркия өкмөтү «Аккеме» мейманканасына шылтап, мунасага келе элек. Кыргызстандын Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун маалымдашынча, талаштуу маселе жыл аягына чейин оңуна чечилип калышы ыктымал:

- Түркия менен деле жаман эмес. Өкмөттүк деңгээлде өзүбүздүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, жанагы «Аккеме» - «Пинаранын» чыры аягына чейин чыкпай калгандыктан, ошол жерде кичине кыйынчылык болуп жатат.

Каржы министрлигинин статс-катчысы Эмирлан Төрөмырзаев да «Аккеме-Пинара» мейманканасынын айланасындагы талаш чечилгенче Түркия өкмөтү менен эки тараптуу келишимге кол коюу кечигибирээк өтөрүн Париж клубунун катчылыгы менен макулдашылганын ырастады.

Ал эми Париж клубуна мүчө эмес 6 өлкө менен кийинки жарым жылдыкта өз ара сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Эгер бул иш оңунан чечилсе клубга мүчө - мүчө эмес 12 өлкөгө төлөп берчү 607 миллион доллар карызды Кыргызстан кыйла кечигибирээк кайтарып бермекчи.

Экономикалык реформалары бирде токтоп, бирде жылып, туруктуу ыкка түшө албай келаткан Кыргызстандын шартын көрүп Жапан өкмөтү да карызды 40 жыл ичинде кайтарып алууга макул болду. Анын саясий-экономикалык себеп-жөнүн Жапаниянын Кыргызстандагы иштерине убактылуу өкүл Тацухико Касай мындайча түшүндүрдү:

- Бул аракетибиз жаңы мамлекеттүүлүктү куруп жаткан Кыргызстандын карыз жүгүн жеңилдетет деп ойлойбуз. Кыргызстан базар-нарк мамилелерине, демократияга тартынбай өтүп жаткан өлкө. Албетте, бул процесс ойку-кайкы жүрүүдө. Көп нерселер: акча, билим, тажрыйбанын жетишсиздиги көрүнүүдө. Бу кыйынчылыкты биз жакшы билебиз.

Жапан элчиси Кыргызстандын аймагы Күнчыгыш өлкөсү ээлеген аянттын жарымына тең келерин, ушундай жерде Жапания калкынын 5 пайызына гана тете эл жашарын маалым кылды.

- Башкача айтканда, жан башына эсептей келгенде сиздердеги шарт кыйла жакшы. Бул жерде бардар жашоого мүмкүнчүлүгүңүздөр бар. Ушу тапта кыргыз экономикасынын абалы жакшы эмес. Мен өзүм экономистмин. Экономиканы башкаруу, реформалар, жана сөз башында айткандай, ойку-кайкы жүрүүдө.

Элчинин маалымдашынча, Жапан өкмөтү Кыргызстанга баш-аягы 420 миллион долларлык жардам көрсөткөн. Бирок көмөктөшүүнүн баары эле акчага байланыштуу эмес. Кыска убакта дүйнөлүк бакубат өлкөгө айланган Жапания Кыргызстанга техникалык, интеллектуалдык жагынан алдыга көтөрүлүп чыгышына кызыкдар, бай өлкөлөрдүн катарына кошулушуна ынтызар. «Антишке Кыргызстанда толук шарт бар», - дейт Тацухико Касай.

Күнчыгыш өлкөсүнүн жардамы Кыргызстандын Каржы министринин статс-катчысы Эмирлан Төрөмырзаевдин ырасташынча, буга чейин түзүлүп калган инфраструктураны кармап турууга, колдоого чоң огожо болду.

- Негизинен Жапан өкмөтүнүн колдоосу Кыргызстандагы инфраструктураны колдоого, жаңылоого жумшалды. Бул нака экономикага жумшалчу инвестиция. Проблемалар жаатына келсек, кемчиликтер бар. Буга көбүнесе айрым программалар боюнча бөлүнгөн акчаларды маалында иштете албай калуу, багытты так аныктап алуу жагынан мүчүлүштөр болбой койгон жок.

Париж клубуна мүчө өлкөлөрдүн макулдугун алгандан кийин кыргыз өкмөтү Корея, Кытай, Кувейт, Индия, Пакистан, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөргө киришет. Ага 6 ай убакыт бөлүнгөн. Ошентип, бапыратып алынган карызды маалында кайтаруу Кыргызстан үчүн чоң проблемага айланууда.
XS
SM
MD
LG