Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ АКШны КЫЙПЫМА СЫНГА АЛДЫ


Ирандын быйыл шайланган жаңы президенти Махмуд Ахмединежад Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында биринчи ирет сөз сүйлөдү. Өз кебинде ал Тегерандын атомдук программасына байланыштуу талаштарды дегеле оозго албады. Бирок дүйнөлүк саясатта бир гана мамлекеттин үстөмдүк кылышы Улуттар Уюмунун кадырын кетирип жатканын белгиледи. Ахмединежад АКШнын атын атаган жок, ошентсе сөз кыйшыны кимге багышталганы баарыга дайын болду.

Иран президенти өз сөзүн кара бороондон катуу жапа чеккен америкалыктардын көңүлүн улаган ыраба кептен баштады. Анын сөзүндө негизинен Кошмо Штаттарынын дүйнөлүк иштердеги үстөмдүгү жана мындай саясаттын калпыстыгы тууралуу ой астамдык кылды. Баарыдан мурда Махмуд Ахмединежад Улуттар Уюму жайгашкан Нью-Йоркко эгелик кылгандар уюмдун бир катар мүчөлөрүнө бул жерге ээн-элкин келип-кеткенге мүмкүндүк бербей жатканын белгиледи. Иран президенти, мисалы, Нью-Йоркто Улуттар Уюмуна караштуу имараттар менен кеңселердин аймагынан бир кадам сыртка чыга албайт. Андан соң Ахмединежад унилатерализм принцибине кайрылып, аны каруу-күчү жана байманасы ташыган бир гана державанын үстөмдүгүн камсыз кылууга арналган эреже деп атады. Эл аралык иштерде бир тараптуу кадамдарды эш тутуу,калгандардын баарын баса көктөп өз ой, өз жолоюна салгысы келген аракеттин өзү, Иран президентинин айтымында, Улуттар Уюмунун түпкү насилине, анын уставында аныкталган максаттарга каршы келет.

Иран президенти Африка континентинен, ошондой эле бир миллиард 200 миллиондой калк жашаган 50дөй мусулман өлкөсүнөн бирөө да коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө эместигин эске салып, атүгүл көөнө цивилизациясы бар Азия материгинен жалгыз гана мамлекет – Кытай ушундай укукка ээ болгонун да адилетсиздик деп баалады.

Кошмо Штаттары менен Ирандын дипломатиялык эч кандай карым-катнашы жок. Вашингтон Тегеранды дүйнөлүк террористтердин иркектеши деп эсептейт.

Ахмединежаддан мурда сөз сүйлөп, АКШ президенти Жорж Буш да Иранды оозго алган жок. Бирок терроризмди колдоп жаткан өлкөлөрдү кайрадан эскертти. “Террорго шыкакчы болуп, массалык апаат куралдарын жасагысы келип жаткан кылмыштуу режимдерге биз ачык жана таасын айтышыбыз керек: тынчтыкка жана дүйнөдөгү стабилдүүлүккө кооп туудурганга силерге мүмкүндүк берилбейт!” - деп айтты Буш.

Тегерандын атомдук программасына байланыштуу Иран президенти сөз катпаганы менен бу маселени Ахмединежад европалык үч өлкөнүн – Британиянын, Германиянын жана Франциянын өкүлдөрү менен талкуулаганы жатат. Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп, француз премьер-министри Доминик де Вильпен кайсы бир мамлекет ядролук куралдарды таркатпоо жагынан өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбаса, бу маселеде сүйлөшүүлөргө эч кандай арга калбаса, анда аны коопсуздук кеңеши караганга мажбур болорун эскертти. Дал ушундан улам Франция Иранды МАГАТЭнин чечимдерине ылайык иш кылганга, өзүнүн эл аралык милдеттенмесин,баарыдан мурда Париждеги келишимдин талаптарын так аткарууга чакырат, деп айтты Вильпен.

XS
SM
MD
LG