Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында дүйнөлүк лидерлердин жыйыны уланууда. Уюмдун реформасы, дүйнөлүк жакырчылык проблемасы бүгүнкү талкуулардын башкы темасынан болмокчу. Корутунду декларацияга байланыштуу талаштар шейшемби күнү гана аяктады, бирок анда көп маселелер камтылбай калды. Документтин мунасалуу вариантын Башкы ассамблея мурда күнү жактырды. Баш катчы Кофи Аннан дүйнөлүк лидерлер жума күнгө чейин декларацияга олуттуу кошумчаларды киргизет деп үмүт кылууда.

Кофи Аннан мунасалуу болсо да документтин кабыл алынганын “жакшы башталышка” жоруду. Бирок анда бир катар проблемалар, атап айтканда, куралдар, айрыкча анын массалык апаат салчу түрлөрүн таркатпоо маселелери өтө эле үстүрт, эптекей формада сомолонуп калганы Аннанды коомутка салды. Мунун өзү, баш катчынын баамында, ”жеткен осолдук” болду. “Арай көз чарай туруп, баарыдан мурда Улуттар Уюмуна кирген көңкү элдин көзүнчө ачык сүйлөшүп алалы, - деди Аннан.

- Мен баш болуп, калганыбыз төш болуп көксөгөн максатка,белгилеген реформага биз али жеткен жокпуз. Ары жөндүү,ары жүйөөлүү көп курч талаштар буга тоскоол болду.

Дүйнөлүк лидерлерди Аннан батыл да, байымдуу да болууга чакырып, Улуттар Уюмун жаңы доордун шартына ылайыкташтырып кайра куруунун бекем жерпайын түптөгөнгө үндөдү.

АКШ президенти Жорж Буш кечээ уюмдун реформасына байланыштуу өз көз карашын алгачкылардан болуп билдирди. Улуттар Уюму, Буштун айтымында, күчтүү жана таасирдүү болууга тийиш, коррупциядан кылбат турушу керек, өзү кызмат кылып жаткан элдин алдында жоопкер болууга тийиш. Уюм бийик принциптерди пир тутушу, бирок биринчи кезекте ага өзү ылайык келиши абзел.

Мындан эки сааттай мурда дүйнөлүк саммиттин экинчи күнү башталды. Жарыш сөздөрдү Россиянын президенти Владимир Путин ачты. Орус президенти эл аралык бул уюмду коопсуз дүйнө куруунун уникалдуу аянты деп атап, аны сактап калууга чакырды. Улуттар Уюму, Путиндин көз карашында, дүйнөнү бөлүп-жара турган эмес, бириктире турган институт. Улуттар Уюму, анын коопсуздук кеңеши терроризмге каршы күрөштө эл аралык кызматташтыктын борбору болуп калууга тийиш. Терроризмди болсо Путин адамзаттын укуктары менен эркиндигине, дүйнөнүн туруктуу өнүгүшүнө коркунуч туудурган башкы балаамат, нацизмдин идеялык мураскери деп атады.

Бүгүнкү жарыш сөздөргө Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао, Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх, Италия менен Франциянын өкмөт башчылары Сильвио Берлускони жана Доминик де Вильпен да катышат. Мындан тышкары Япониянын премьери Дзюнитиро Коидзуми айрым маалыматтарда коопсуздук кеңешиндеги туруктуу мүчөлөрдүн санын көбөйтүү маселесине өзгөчө токтолуп, буга өз өлкөсүнүн талапкерлигин сунуш кылат деп айтылат.
XS
SM
MD
LG