Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

ӨЗБЕКСТАН АНЖИЯН КООГАСЫ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫ ДАГЫ БИР ЖОЛУ АЙЫПТАДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 15-сентябрда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 13-14-майда орун алган Анжиян окуяларына байланыштуу жаңы билдирүү тараты. Анда Кыргызстандын түштүк аймагында эктремисттик топтор даярдалып, 300 миң АКШ долларына Жалалабат шаарында курал-жарактар сатылып алынгандыгы тууралуу жана башка маалыматтар айтылган. Ал эми Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын мындай билдирүүсү негизсиз экендигин белгилешүүдө.

Ташкентте өткөн маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын Анжиян окуяларына байланыштуу билдирүүсү менен журналисттерди баш прокурордун орун басары Анвар Набиев тааныштырды. Ал белгилегендей, Анжияндагы теракттарды даярдап, ишке ашырууга 300 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Бул каражатка Кыргызстандын түштүк аймагында курал-жарактар сатылып алынган жана алар кийинчерээк террористтер тарабынан Кыргызстандын Ош облусунун Карасуу районунун аймагы аркылуу Өзбекстанга алынып келинген.

- Бул өлкөнүн аймагында, өзгөчө анын түштүк райондорунда диний экстремисттер узак мөөнөт ичи ачык түрдө согушкерлерди даярдоо иштерин жүргүзүшкөн. Кыргызстанда экстремисттик топтор, тышкы күчтөр тарабынан көзөмөлдөнгөн укук коргоо жана оппозициялык топтор көзөмөлдүн жоктугунан эркин иш алып барышат. Ошондуктан, теракттарды даярдоо боюнча аймак катары Кыргызстандын түштүгү тандалып алынган, - деди А. Набиев.

Ал эми Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү Өзбекстандын мындай билдирүүлөрү негизсиз экенин, курулай доомат экенин айтууда. Өлкөнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Кыргызстандын түштүк аймагында согушкерлер даярдалган деп айтылып жаткан күнөө толугу менен негизсиз дейт:

- Биздин аймакта эч качан террористтик топтор даярдалган эмес. Ага бизде мүмкүнчүлүк да болгон эмес, деги эле андай болушу мүмкүн эмес. Мындай күнөөлөр негизсиз айтылып жатат .

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Хан да, өзбек тараптын бул билдирүүсү фактыларга негизделбей тургандыгы жөнүндө айтты:

- Коюлуп жактан айыптардын баары негизсиз. Кыргызстандын бийлик органдарына карата алар (Өзбекстан) тарабынан экстремисттик күчтөрдүн, согушкерлердин иш-аракеттерине көз жуумп коюшкан деп күнөө коюлуп жактандыгы да толугу менен негизсиз.

Вячеслав Хандын маалыматына караганда, ушул эле күнү президенттин администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Ош шаарына Өзбекстандын билдирүүсүндө айтылган маалыматтарды иликтөө үчүн жөнөп кетти. Анткени, билдирүүдө Ош шаарындагы борбордук стадтондо жана башка жерлерде да согушкерлер даярдалган деп айтылган.

Өлкөдөгү саясатчылар Өзбекстандын Анжиян окуясына байланыштуу таратып жактан билдирүүлөрүнө карата ар кандай пикирлерин билдиришүүдө. Алардын бир бөлүгү Анжиян окуяларынын себептерин өзбек бийлиги тыштан издөөнүн аракетинде дешсе, айрымдары расмий Өзбекстан мындан ары да Кыргызстанга карата мындай дооматтарды койууну улантат деген көз караштарын айтышып, бул эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилешүүдө. Айрым саясатчылар болсо, Ташкендин мындай кадамдары Кыргызстандагы март айында болгон ыңклапка да байланыштуу болуп жаткандыгын белгилешүүдө.

Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ташполот Балтабаев мындай дейт:

- Кыргызстандагы демократия, ыңкылап Өзбекстан үчүн өтө коркунучтуу. Алар ошондуктан, кыргыздар менен мындан ары саясий, экономикалык, маданий байланыштарды үзүп койуу аракетин көрүшөт. Анткени, өзбек бийлиги ыңкылап болуп кетишинен өтө чочулайт. Бул алар үчүн өтө коркунучтуу. Ошондуктан, алар азыр ушундай күнөөлөрдү койуу менен Кыргызстан бизге каршы өлкө экен деген идеологияны жүргүзүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар деп бааласа болот. Анткени, Каримов өзүнүн авторитардык-диктатордук режимин сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрөт.
XS
SM
MD
LG