Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Университет округунда өтчү шайлоого байкоочулар каттала баштады


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясына 18-сентябрга белгиленген №1-Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кенештин депутатын кайра шайлоого байланыштуу эл аралык уюмдардан байкоочуларын каттоо боюнча арыздар түшө баштады. Азырынча КМШ өлкөлөрүнүн шайлоолорго байкоо салуу миссиясы менен Эл аралык Республикалык институт байкоочуларын каттоо тууралуу арыз беришти. Ага ылайык, аталган эки уюмдан тең үчтөн байкоочу шайлоого көз салышмакчы.

Буга чейин округдук шайлоо комиссиясы аталган аймактан ат салышуу үчүн катталган жети талапкердин бири Игорь Трофимовдун талапкерлигин каттоону жокко чыгарган. Ага талапкердин шайлоо корун түзбөгөнү себеп болгон. Округдук комиссиянын бул чечимин Борбордук шайлоо комиссиясы да күчүндө калтырды. Ошентип эми аталган аймактагы шайлоодо алты талапкер ат салышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты

XS
SM
MD
LG