Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Айдар Акаевден депутаттык мандатынын тагдыры дүйшөмбүдө чечилет


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаевдин депутаттык кол тийбестигине байланышкан маселени парламент 19-сентябрда карамай болду. Мындай чечимди бейшембидеги отурумда депутаттар 41 добуш менен кабыл алышты. Айдар Акаевди кол тийбестиктен ажыратуу сунушун Башкы прокуратура июнь айынын этегинде берген. Башкы прокуратура экс-президенттин уулуна Кылмыш кодексинин бир катар беренелери боюнча айып тагып жатат. Анын негизинде парламент ушул айдын башында тогуз депутаттан турган комиссия түзгөн. Депутат Искак Масалиев жетектеген бул комиссия ишти иликтеп, 12-сентябрда Айдар Акаевди депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу чечимин чыгарып, аны Жогорку Кенештин отурумуна сунуштаган. Ал эми адвокат Максим Максимович мындай аракеттерди экс-президенттин уулуна кысым көрсөтүү катары санайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG