Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Кыргыз делегациясы БУУнун жыйынына катышууда


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев баштаган кыргыз делегациясы учурда Нью-Йоркто өтүп жаткан үч күндүк дүйнөлүк саммитке катышууда. Бул сапардын алкагында шаршембиде Курманбек Бакиев Жорж Буш, Кофи Аннан, Тони Блер баштаган саясий лидерлер менен бирге Бириккен Улуттардын демократиялык фондунун ачылуу аземине катышты. Бейформал түрдөгү бул салтанатка КМШ өлкөлөрүнөн болгону Кыргызстан менен Грузиянын президенттери гана чакырылды. Андан соң кыргыз президенти АКШнын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөдөгү экономикалык реформалар , инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди жана америкалык ишкерлерди маселени жеринде иликтөө үчүн Кыргызстанга чакырды. Дүйнөлүк ири компаниянын өкүлдөрү катышкан бул жолугушууда ишкерлер Кыргызстанга техникалык жардам берүүгө жана өлкө экономикасына инвестиция салууга дилгирлигин билдиришкен.

Кыргызстандын президенти 16-сентябрда дуйнөлүк саммитте, 17-сентябрда Бирикен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөйт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 15-сентябрда кабарлашты. Саммитке бир жүз жетимишке жакын мамлекеттин жетекчилери катышууда.

XS
SM
MD
LG