Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

АКШда жаңы ураган


“Офелия” деген ураган азыр АКШнын Түндүк Каролина штатына жетти. Шамалдын ылдамдыгы саатына 135 чакырымга жетип, мектептер, мекемелер жабылды. 80 миңден ашык адам электр жарыгысыз калып, бир катар райондордун тургундары башка жакка көчүрүлүп жатат. Ал эми август айынын аягында болгон “Катрина” ураганынан каза болгондордун саны азыр 700 адамдан ашты деген расмий маалыматтар берилүүдө. Бул урагандын кесепеттерин иликтөө боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү сунушун АКШнын Сенаты колдогон жок. Аны Демократиялык партия сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG