Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Иракта дагы терракт жасалды


Бүгүн Багдадда жаңы терракт болду. Жан кечти автомобилди жардырып, андан 23 адам, анын ичинде 15 полиция кызматкери каза болду. Ага күбө болгон адам: “Ал жерде эки текшерип өткөрүүчү пост бар болчу. Машина айдап келген жан кечти аны токтотумуш болуп туруп, жарып жиберди. Ага жакын жерде полициянын кызматкерлери көп болчу”,-деп айтты. Ал эми кечээ Ирактагы террактардан бардыгы болуп 150гө жакын адам набыт кетти. Багдадда болгон жардырууга жоопкерчиликти Абу Мусаба аз-Заркауи деген топ өзүнө алды. Бул топ кечээ суннилерди колуна курал алып, шиилерге каршы кыргын салган согушту баштоого чакырган.

XS
SM
MD
LG