Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

ПАКИСТАН ӨКМӨТҮ МЕДРЕСЕЛЕРДИ ТАРТИПКЕ САЛАТ


Пакистан өкмөтү диний экстремизмди тыйуу максатында август айында диний медреселердин жыл аягына чейин каттоодон өтүүсүн талап кылган чечим кабыл алды. Мөөнөтүндө каттоодон өтпөгөн медреселер жабылат. Ошондой эле, медреселердин ишмердүүлүгү текшерилип, каржы булактары да аныкталат. Ал эми чет элдик талабалар өлкөдөн чыгып кетиши шарт. Пакистандын диний мектептер уюмунун ассоциациясы өкмөттүн чечимин мектептерди кысмакка алуу катары баалады.

Куранды арабча кыраатына келтирип окуганды үйрөнүп жүргөн талабалардын бир жааты келерки жылы окууну токтотушу ыктымал. Экстремисттик маанайдан чочуган Пакистан өкмөтү жыл аягына чейин миңдеген медреселерди катоодон өткөрүү жөнүндө август айында токтом чыгарды. Ырасмий бийликтердин түшүндүрүшүнчө, кээ бир медреселер бөтөн диндерди жек көрүүчүлүккө, атүгүл исламдын башка агымдарын да таңкыттап-чанууга үйрөтөт. Андай медреселерде окушкан талабаларды, алардын ичинде мусулман өлкөлөрүнөн келген жаштарды Батыш дүйнөсүнө жана Батыш өлкөлөрү колдогон өкмөттөргө каршы турган экстремисттик топтор жалдап, согушчан катары пайдаланат, деп кооптонот бийликтер.

Токтомго ылайык, жыл аягына чейин каттоодон өтпөгөн жана каржы булактарын ачып көрсөтпөгөн медреселер мажбур жабылат.

Пакистандын диний мектептер уюмунун ассоциациясы чечимди каршы алышты. Уюмдун мүчөсү Мавлян Абдул Малик мындай дейт:

– Мечиттерди каттоодон өткөрүүнү кемсинтүү деп санайбыз жана ага макул эмеспиз. Бул жобо бир дагы мектепке, же коллежге, же башка уюмдарга колдонулган жок. Алар медреселерди гана чектешүүдө.

Бийликтер ошондой эле медреселерди башка диндердин өкүлдөрүн жек көрүүгө ташбыйкаттоону токтотууга чакырып, окуган талабалар менен дамыллалардын санын, алардын айлыгы, медреселердин каржы булактары тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттендирди. Ал үчүн атайын формадагы бланктар таркатылды.

Абдул Маликтин пикиринде, жаңы жобо медреселердин көз карандысыздыгына шек келтирет:

- Бардык бул шартнамелер медреселердин эркиндигине жана көзкарандсыздыгына чекит койот. Биздин биринчи жана акыркы милдетибиз медреселердин эркиндигин сактап калуу.

Талдоочулар Пакистан өкмөтү медреселерди азык түлүк менен камсыздоого, алардын жатак шартына жана азыр медреселерде билим алып жүргөн жарды үй-бүлөнүн балдарын кадыресе мектептерде окутууга астейдил мамиле кылыш керек деген пикирлерин айтышат. Анткени, медреселерде жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары көп окушат. Медересе алар үчүн күн көрүүнүн бир жолойу.

Жаңы жобого ылайык, медреселерде окуп жүргөн чет элдик 1400 талаба тез арада өлкөнү таштап кетиши абзел. Медреселерде сынак-экзамендер үстүбүздөгү аптада башталат. Андыктан, тыш жерлик молдо балдар ата мекенине “аалым” деген наамсыз кайтабызбы дешип кыжалат.

Алардын бири, Нью-Йорктук Фаран Могул. Ал Карачи шаарындагы медреселердин биринде окуйт:

- Келерки жыл –мен үчүн өтө маанилүү жыл. Келерки жылы мен бул медресени аяктайм деп мерчемдегем. Анүчүн биз өкмөткө кайрылып, келерки жылы окууну аяктап алышыбыз үчүн өлкөгө кайра келүүгү уруксат берүүсүн суранабыз.

Пакистанда медреселер 1980-жылдары Ооганстандагы согуш кезинде көбөйгөн. Медреселер ал жылдары кудайсыз советтерге жана алар колдогон Ооган бийликтерине каршы күрөшчү согушчандардын катарын толуктоочу жай болгон. Талиптер да өз катарын медреселерден алып турушкан.

Маалыматтарга караганда, Лондон шаарында 7-июлда бомба жардырган жанкечтилердин бири да Пакистанда медреседе билим алган.
XS
SM
MD
LG