Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:45

БАРСКООН КЫРСЫГЫНЫН 7 ЖЫЛДАН КИЙИНКИ ЖАҢЫРЫГЫ


Мындан 7 жыл илгери Барскоон капчыгайында болуп өткөн экологиялык кырсыктын кесепеттерин жоюу, келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселелерин чече турган өкмөттүк комиссия ишин дагы бир айга узартты. Кырсыктан жабыр тарткан Жетиөгүз районундагы 5 айылдын жашоочулары койгон 10 талапты чечип берүүгө комиссия 1 ай убакыт сураган.

Ушул жылдын 3-августунда өкмөттүк комиссия кырсыктан жабыркаган 5 айылдын эли менен жолугуп, коюлган маселелерди чечип берүүгө сураган бир айлык убакыт бир жарым айга созулуп баратат. Убада кылынган мөөнөт бүткөндө өкмөттүк комиссия мүчөлөрү чогулушуп, айтылгандардын кыйласы аткарылбай калганын белгилеп, убакытты дагы бир айга узартышкан. Анын себеп-жөнүн өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, «Карек» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева момундайча түшүндүрөт:

- Биринчиден Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Мамбетовдун отчетун угуп аябай нааразы болдук. Мен ошондо айттым: «Сиздин отчетуңузду эл алдына чыгып угузганда сизди жаман кылышмак». Отчетто эл кырсыктан эч кандай жапа чеккен эмес, жабыркаган эмес деп берилиптир. Жабыр тарткандардын медициналык картасы турат, цианидден ууланган деп көрсөтүлүп турат. Анан эмнеликтен кишилер жабыр тарткан эмес деп бүтүм чыгарып жатышат?

Эркингүл Иманкожоеванын маалымдашынча, ушу тапта медиктер кырсыктан жабыр тарткандардын медициналык карталарын таап, мындан жети жыл мурда коюлган диагноздорду тактап, иликтешүүдө. Буга кошумча кырсыктан жабыркаган беш айылдын фелдьшердик-акушердик пункттарына баш-аягы 18 миллион ашуун сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөнү турат. Алар медициналык жабдууларды жаңыртууга, дарылоо мекемелерин оңдоого жумшалмакчы. Бөлүнө турган акчанын кыйла бөлүгү – 7 миллион сом Барскоон айылындагы диагностикалык борборду жабдууга арналат.

- Кырсыктан жабыркаган беш айылдын айыл чарба түшүмүнөн алынчу кирешесинин өлчөмү аныкталды. Алардын баарынa биригип 150 миллион ашуун сом каралып жатат. Анын 75 миллион сому Барскоон айылына бөлүнөт, - деди Э. Иманкожоева.

Кырсыктан жабыркаган айылдардын көңүлүн өйүгөн дагы бир орчун проблема - Кумтөр алтын кенинен агылып чыкчу уулуу суу топтолгон сактагычтын абалы. «Өмүр дарагы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Калия Молдогазиевага бул проблема чоочун эмес. Кумтөр алтын кенинен чыккан уулуу суунун көлөмү өтөле чоң дейт ал.

- Долбоор боюнча кубаттуулугу 100 милилон кубметр, бул өтөле чоң. Өзүнчө эле чоң бир көл, ичи толо цианид. Анын көлөмү Кыргызстандагы уулуу суу сактагычтардын баарынын көлөмүнө тете.

Цианиддин адам денесине келтирген залалын Барскоондогу «Алтын тамыр» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Догдурбек Атагелдиев өз башынан кечирип, айлап-жылдап ооруканаларда өткөргөн күндөрүн эмдигиче эсинен чыгара албай келет.

- Бир жыл Бишкекте жаттым. Буттарымы көрсөңүз балыктай эле болуп түшүп калды. Бул бир. Экинчиси короодогу алма-өрүктүн акчасын төлөп беребиз деп, мына Акаевдин сөзүн уктуңуз, ооруканада жаткан кишилердин акчасын беребиз деген. Жадесе Бишкектеги эски абамайдандын жанынан үй курганга жер беребиз дешкен. Анын баары жок, 1000 сомдон пул, анан жана айтышкандай, 1 кило кумшекер менен 1 кило печенье менен алдап кетишти бизди.

1998-жылдын 20-майында Барскоон капчыгайында төгүлгөн цианиддин, аны жок кылыш үчүн артынан төгүлгөн хлордун кээрин тартып келген Жетиөгүз районундагы беш айылдын арыз-арманы 7 жылдан кийин бийликтегилерге жетти. Кумтөр алтын кенинин азыркы жетекчиси Эндрю Люис мырза да жаңы өкмөт менен чалкеш маселени чечүүгө кызыкдар экенин жашырбайт:

- Өкмөттүк комиссия бул жерде өкмөт менен компанияга туура келген чечимди табышы керек.
XS
SM
MD
LG