Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

Кыргыз бийлиги тарабынан буга чейин 439 Өзбекстан жараны качкын макамы менен Румынияга чыгарылган. 15-сентябрь күнү Башкы прокуратуранын чечими менен Ош шаарындагы убактылуу кармоо жайында отурган дагы 11 Өзбекстандык жаран БУУнун Качкындар комиссариатына өткөрүлүп берилди. Учурда төрт Өзбекстандык качкындын тагдыры чечилүүдө. Мындан сырктары дагы 12 өзбек жараны качкын макамын берүү өтүнүчү менен миграция департаментине кайрылган.

15-сентябрдын кечинде өлкөнүн Башкы прокуратураcы качкын макамын алган дагы 11 өзбек жаранын БУУнун Качкындар боюнча комиссариатына өткөрүп берүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага ылайык, Ош шаарындагы убактылуу кармоо жайында жаткан 11 Өзбекстандык качкын 15-сентябрь күнү камактан чыгарылып, БУУнун качкындар боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы Сумар Насиза төмөнкүчө билдирди:

- Башкы прокуратура коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча 11 өзбек качкынын БУУнун качкындар боюнча башкармалыгына өткөрүп бердик. Эми алар кайсы мамлекетке, качан өткөрүп беришет, бул алардын иши.

Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун «Азаттыктын» кабарчысына билдирген маалыматы боюнча, бул 11 качкын 16-сентябрь күнү эртең менен Европа өлкөлөрүнө чыгарылып кетти.

Башкы прокуратура тарабынан 11 өзбек качкынынын тагдыры оң чечилүүсүнө Кыргызстандагы атуулдук коомдун өкүлдөрү да оң баа берип жатышат. «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бул чечим менен эл аралык коомчулукта Кыргызстандын бедели көтөрүлдү деген пикирде:

- Качкындарды үчүнчү бир өлкөгө өткөрүп берүүгө макулдугун берүү менен кыргыз өкмөтү Эл аралык конвенцияларды так аткарып, адам укугун сактап, качкындардын укугун коргогонун көрсөттү.
Убактылуу кармоо жайында жаткан дагы төрт өзбек атуулунун тагдыры азырынча белгисиз бойдон калууда. Миграция департаменти аларды качкын деп таануудан баш тарткан. Бирок «Адилет» укуктук уюму буга каршы чыгып, эки кишиге качкын макамын берүү боюнча Бишкектеги район аралык сотто утуп алышты. Азыр бул маселе Жогорку сотто каралууда.

Миграция департаментинин маалыматы боюнча, дагы 12 өзбек жараны качкын макамын сурап кайрылышкан. Алардын бешөө журналисттер. Белгилүү себептер менен аты-жөнүн айтуудан баш тарткан өзбекстандык журналисттин айтымында, өзбек бийлиги тарабынан Анжиян окуяларын так чагылдырган жана бийликти ачык сындаган журналисттерге кысым болгондуктан, эл аралык ММКнын, айрым интернет баракчалардын кабарчылары жана эркин журналисттер өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болушту. Өзбекстандык журналисттин сөзү боюнча, Кыргызстанда жүргөн журналисттер БУУнун качкындар боюнча комиссариатына качкын макамын берүүнү өтүнүп эки ай мурун кайрылышкан:

- БУУнун качкындар боюнча комиссариатынын Бишкектеги өкүлчүлүгү биздин кайрылуубуздун негизинде өзбекстандык журналисттерге качкын макамын берүүнү карап көрүү өтүнүчү менен Кыргызстандын миграция департаментине кайрылган. Бирок миграция департаменти бул ишти улам артка жылдырууда. Биздин оюбузча, буга Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле себеп болуп атат окшойт. Ушул тапта Кыргызстанда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө жашырынып жүргөн журналисттерге качкын макамын берүүнү өтүнүп, биз бир нече эл аралык уюмдарга: Хельсинкидеги адам укугун коргоо уюмуна, АКШдагы журналисттерди коргоо комитетине да кайрылганбыз.

Миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов «Азаттыкка» качкын макамын берүүнү өтүнүп кайрылган 12 өзбек жаранынын арызы каралып жаткандыгын билдирген.

Ал эми укук коргоо уюмдарынын маалыматы боюнча, учурда өзбек бийлигинин кысымына чыдабай Кыргызстанга өтө качкан, катталбаган жүздөгөн качкындар бар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG