Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Жекшемби күнү Ооганстанда парламентке шайлоо болот. Жалпы өлкө боюнча 300дөн ашуун аял – улуттук парламентке, 230дайы жергиликтүү кеңештерге талапкерлигин коюшту. Бирок аларды басмырлоо, атүгүл өлтүрөбүз деп коркуткан учурлар көбөйдү.

Нуристан провинциясында 45 жаштагы Хава Аламга белгисиз бирөөлөр кол салып, жарадар кылып кетишти. Талиптердин режими талкаланган соң Хава пушту тилинде биринчи гезит чыгарып, кийин өкмөттө - аялдар министрлигинде иштеген эле. Быйыл болсо Нуристани провинциясынан улуттук парламентке талапкерлигин көрсөткөн. Аялдын бийлик кылганын шариятка ылайык келбеген жосун деп санаган жергиликтүү молдолор, алардын нөөкөрлөрү Хаваны эскертип, атүгүл көзүн тазалап таштайбыз деп коркуткан. «Ооган аялдарында дале күн жок, өзгөчө азыркыдай уруят маалында саясий иштерге аралашкысы келген ургаачылар чоң балээге калат», - дейт Хава.

Херат шаарынан талапкер, 25 жаштагы Зейда Афифти да жаш жигиттер, а кээде улгайган эле эркектер туш келген жерде жекирип-жээрип, адисинен ашып баратканын эскертишкен. Бирок Афиф алардын коркутуп-үркүткөнүнө карабай шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүздү. Жекшемби күнү ал депутаттык мандат алып калышы да ажеп эмес. Ал эми Логар провинциясынан эркектер менен мандат талашууну чечкен Нурзиа Чаркиге талиптердин, жергиликтүү можахеддердин өкүлдөрү сөөмөй кезеп кекеништи. «Алардын бири жыйырма күндөй сары изиме түшүп, коркутту», - дейт Нурзиа. Нурзианы алар америкалыктарга сатылган шуркуя, алардын тыңчысы деп аташкан. Шайлоодон баш тартпай турган болсо урук-туугандарын кошо койдой мууздап саларын айтышкан.

Сам Зиа Зарифи Human Rights Watch уюмунун Ооганстандагы бөлүмүндө иштейт. Зарифинин айтымында, коркунучтарга карабастан ооган аялдарынын шүйшүнөрлүк активдүүлүгү байкалууда. Жадакалса эң алыскы айылдарда да алар шайлоого кызыгарын, добуш берүүгө катышарын билдирип жатышат. Мындай активдүүлүккө курсант болбой кое албайсың, дейт Зарифи.

Шайлоо алдындагы жагдайга кызыгып, биздин кабарчыбыз Кабулдун тургуну Шах Наз аттуу аялга кайрылганда, ал жакшылыктан үмүткөр экенин, бирок атышмай, кол салмайлар да болобу деп кооптонуп, балдарын ойлогондо жаны оозуна тыгыла түшүп жатканын да жашырбады. Ал эми мектеп мугалими, 35 жаштагы Зархона аттуу аял корбашы-басмачылардан коркпой турганын, кимге добуш бергиси келсе, аны мындан эч ким айныта албай турганын билдирди. “Урушпаса тура албаган, колу кандуу адамдар бийликте түгүл жалпы коомдо аз болсо кана, ошондо турмуш оңолот эле, алардан эч ким улуттук парламентке, жергиликтүү кеңештерге келбеш керек”, - деди мугалима Зархона.
XS
SM
MD
LG