Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

ЛУКАШЕНКО АКШны ДҮЙНӨНҮН ДҮМӨКЧҮСҮ ДЕП АЙЫПТАДЫ


Белорусиянын президенти Александр Лукашенко Кошмо Штаттарын өмгөкчүл саясат жүргүзүп жатканы, ал эми Улуттар Уюмун Вашингтонго буга мүмкүндүк берип жатканы үчүн айыптады. Лукашенконун айтымында, АКШ дүйнөгө дүмөк салып, Улуттар Уюмун будамайлап-буйлалап алганга умтулууда. Бул кампанияда белорус президенти америкалык бийликтер демократияны жана адам укуктарын калканч кылып алды деп эсептейт. Репрессивдүү саясаты үчүн Батыштын катуу кысымына кабылган Лукашенко дүйнөлүк трибунаны суверендүү өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүү аракеттерине караманча каршы экенин кайрадан баса белгилеп көрсөтүү үчүн пайдаланды.

Белорус президенти мындан он беш жыл илгери Советтер Союзу кыйраган соң дүйнөнүн саясий теңдеми бузулуп, коога-калба көбөйүп, бир уюлдун оодугу күч ала баштаганын белгиледи жана мунун жоопкерчилигин толугу менен Кошмо Штаттарына жүктөдү. Вашингтондун тышкы саясатын Лукашенко эгемен өлкөлөргө бүлүк салып, аларды бүлүнтүү максатын көздөйт деп эсептейт. “Кокус чыр-чатак жок болсо – аны түзүш керек, эгер кийлигишкенге эч кандай жүйөө жок болсо - андай шылтоону ойлоп табуу зарыл. Мунун баарын актоо үчүн өтө оңтойлуу огожо - демократия жана адам укугу дегенди табышты, - дейт Лукашенко. - Бирок бу сөздүн өз маанисиндеги элдик бийлик эмес, америкалык жетекчиликтин түшүнүгүнө төп келген гана демократия болушу керек”.

Лукашенко мындан бир нече жыл мурда ушул эле Улуттар Уюмунда Ирактын кампаларында массалык апаат куралдары катылып жатканын ырастагандарды эске салып, ошо куралдар кайда? - деп собол койду. “Ал жок. Ирак болсо канга бөлүнүп, эл эмне кыларын билбей, айласы куруган абалда отурат. Гуантанамодогу туткундардын иши да Улуттар Уюмунун көзөмөлү алдында ачык сотто каралат дешкен эле, кана ошол соттун болгону? Алар канча, деги алар ким өзү? ”- деп суроо салды Лукашенко. Андан ары ал бин Ладенге каршы күрөш деп Ооганстан көнөктөтө бомбаланганын айтып, дүйнөнүн биринчи террорчусу кайда, ал табылдыбы?- деп такыктады. “Гүлдөп-өнүгүп турган Югославия талкаланып, Европанын картасынан биротоло жок болду. Эми болсо Иран менен Түндүк Корея кароолго алынып, мааша учунда турат”,- деди Лукашенко. Милошевич менен Саддам Хусейнге кайрылып, Лукашенко алардын түрмөдөн бошотулушун, өз укуктарын эркин коргогонго аларга мүмкүндүк берилишин талап кылды.

Лукашенконун сөздөрү көп жагынан Зимбабвенин лидери Роберт Мугабэнин кептерине окшош жана үндөш болду. Эки лидер тең адам укуктарын одоно басмырлап, саясий оппоненттеринин орой төбөсүн омкоро чаап турганы үчүн европалык өлкөлөрдүн катуу кысымында калышкан. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс бу эки өлкөнү “зулумдуктун башкы тиреги” деп атаган.

Лукашенко ошол эле күнү ядролук терроризмге каршы документке кол койду. Учурдан пайдаланып, терроризмди да суверендүү өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүү үчүн пайдаланууга каршы экенин билдирди. Коркунучтуу бул көрүнүшкө каршы жарыяланган жалпы бирдей күрөш, Лукашенконун айтымында, айрым бир мамлекеттердин караөзгөй максаттары үчүн калканч болуп калбас керек. Бул күрөш суверендүү өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишкенге шылтоо боло албайт, деп айтты белорус президенти.
XS
SM
MD
LG