Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Айыл өкмөт башчыларын шайлоо болот


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Кыргызстанда айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо өтөт. Бул тууралуу кыймылсыз мүлктү укуктук каттоо агенттигинин жетекчиси Төлөбек Өмүралиев «Азаттыкка» билдирди. Кыргызстанда 96-жылы айыл өкмөттөр түзүлгөн. 2001-жылга чейин айыл өкмөттөрү дайындалып келген. Ал эми 2001-жылы экс-президент Аскар Акаевдин жардыгы менен, айыл өкмөт башчылары эл тарабынан шайлана баштаган. Бирок учурда кайрадан айыл өкмөттөрү шайлоо аркылуу эмес, дайындоо аркылуу бекитилиши керек деген пикирлер айтылууда. Учурда өлкөдө 471 айыл өкмөтү бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоцациясы тарабынан калкы аз айыл өкмөттөрүн кыскартуу сунушу өкмөткө жолдонду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG