Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Бишкекте Беларуста жоголуп кеткен коомдук-саясий ишмерлер эскерилди


БИШКЕК. 16-сентябрда «Бирге» элдик жаштар кыймылынын демилгеси менен Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг-реквием өткөрүлдү. Бул акция Беларуста мындан 6 жылы мурда жоголуп кеткен 4 коомдук-саясий ишмерди: Юрий Захаренкону, Дмитрий Заводскойду, Анатолий Красовскийди жана Виктор Гончарды эскерүүгө арналды. Колдорунда «Биз билгибиз келет!» деп беларус жана англис тилдеринде жазылган плакаттарды кармап турган жаштар жогоруда айтылган адамдардын жоголгондугу тууралуу чындыкты билүүнү каалашаарын айтып турушту. Мындай акциялар Беларуста, Украинада, Орусияда, Казакстанда жана Азербайжанда да жаштар кыймылдары тарабынан өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG