Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Юстиция министрлиги парламентти таратуу боюнча кол топтоого уруксат берди


БИШКЕК. Кыргызстандын Юстиция министрлиги парламентти таратуу боюнча атуулдардын колун топтоп жаткан «Эркиндик» партиясынын 37 мүчөсүнө кол чогултууга укуктуу деген атайын күбөлүктү 16-сентябрда тапшырды. Бул тууралуу «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев «Азаттыктын» кабарчысына маалымдады. Анын айтымында, буга чейин белгисиз бирөөлөр «Эркиндик» партиясынын кол топтогон өкүлдөрүнө келишип, «силер кимдин уруксаты менен кол топтоп жатасыңар?» - деп кысым көрсөтүшкөн. «Эми алар андай аракеттерди жасай албайт,» деп кошумчалады Топчубек Тургуналиев. Ошондой эле Тургуналиев учурда 200 миң адамдын колу топтолгондугун, кол топтоо иш чарасын 12-ноябрга чейин бүтүшө тургандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG