Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Курманбек Бакиев Нью-Йоркто бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушту


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун саммиттинин жүрүшүндө Европа Биримдигинин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча улук комиссары Хавьер Солана менен жолугушту. Хавьер Солана Кыргызстандын өзбек качкындарына байланыштуу маселени чечүүдөгү позициясын жогору баалады. Тараптар ошондой эле регионалдык коопсуздук жана глобалдык саясат, Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алышышты. Кыргызстандын өлкө башчысы ошондой эле Швейцариянын президенти Самуэль Шмид, Түркиянын премьер-министри Реджеп Эрдоган, БУУнун Өнүгүү программасынын администратору Кемал Дервиш, Венгриянын президенти Ласло Шойо менен да жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын тышкы карызына байланыштуу маселелер тууралуу да сөз болду. 16-сентябрда ошондой эле Курманбек Бакиевдин Бириккен Улуттар Уюмунун саммитинде сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG