Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10

КЫРГЫЗСТАНДА КЫРДААЛ КУРЧУП БАРАТАБЫ?


Кыргызстанда нааразылык чаралары кайрадан башталып, өкмөттү түзүү создугуп жатат. Бул арада кышка даярдыктын начардыгы, энергетика тармагындагы кризистин, төлөбөстүктөрдүн ого бетер күчөй баштагандыгы белгиленүүдө. Аткаруу бийлиги менен парламент болсо «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамдар боюнча бир пикирге келүүдөн алыс. Булардын баары өлкө кайрадан кризис кучагына кирбейби деген суроону пайда кылууда.

Кыргызстанда коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайлар сакталып, ал жерлерде чыңалуу күз башында кайрадан күчөдү. Маселен, Карасуу базарындагы талаш-тартыш, Каракече көмүр кениндеги баскынчылык, президент менен парламенттин ортосунда «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамдарга байланыштуу пикир келишпестик, Жогорку соттун алдында ачкачылык акциясынын кайрадан башталышы, Бишкекте болсо жер басып алууга кайрадан аракет башталып, бийликке дагы сыноону койду. Буларга 24-марттагы ыңкылаптан кийин элдин үмүтү актала бербегендиги, Өзбекстандын газ берүүдөн баш тартып, ага жараша кышка даярдыктын начардыгы, эң негизгиси энергетика тармагында төлөбөстүк, кризисти жоюуга өкмөт тарабынан чечкиндүү кадамдар жасалбагандыгы кошул-ташыл болууда.

Ыңкылаптын лидерлеринин бири, учурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаров өлкөдөгү кырдаал тууралуу мындай пикири билдирди:

- Эл деген-эл. Жер алганга да, жашаганга да, сүйлөгөнгө да, саясий акцияга чыкканга да, ойлонгонго да укугу бар. Ошол укуктарын пайдаланып жатат. Экинчи жагынан, өкмөттүн түзүлбөй кечиктирилиши да өлкөдө анархияны пайда кылууда. Алты айдан бери аткаруу бийлиги жок. Ошондон да эл чарчады окшойт. Эртерээк өкмөт түзүлсө баарына чекит коюлат эле.

Ал эми Жогорку Кеңештин «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамдарды президентке кайтаруусун Башкы прокурор, кызматташуунун бир белгиси жана коррупциялык структураны талкалоонун аракети катары баалады.

Топчубек Тургуналиев «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамдардын айланасында түзүлгөн кырдаал саясий кризистин алгачкы белгилери деп эсептейт:

- Азырынча кризистин белгиси даана көрүнө элек. Бирок жышаандары байкалууда. Бул кризистин негизги себеби - Акаев түзгөн система ошол бойдон турганында. Акаевчылар болсо отурат. Өзгөчө Жогорку Кеңеште. Ушуга байланыштуу бул кризиске дуушар боло турган нерсе.

Элдик ыңкылаптан кийин алты ай өтсө да элге жага турган жана мамлекеттин пайдасы үчүн чечимдер жоктугу жаңы бийликке нааразылыктын пайда болушуна шарт түзүүдө, дейт Тургуналиев.

24-марттагы ыңкылаптан кийин мурунку бийликти кескин сынга алган, бирок өзү ал бийликте вице-премьер-министр-кызматын аркалаган Базарбай Мамбетов жаңы бийликти чечкиндүү кадамдарды жасоого чакырып, президент жана премьер-министр тарабынан сунушталган «Өкмөттүн структурасын» кескин сынга алды:

- Биздин президент берген “Өкмөттүн структурасы” жарабайт. Анда эч кандай өзгөрүү жок. Биз азыр экономикалык саясатты, негизги саясатты өзгөртөбүз деп жатабыз. Ошондуктан өкмөттүн структурасы ошого жараша түзүлүш керек. Эми структура менен дагы жарым жыл жүрөбүз. Алты ай болсо өтүп кетти. Эл күтүп, нааразылыгы артып баратат

Базарбай Мамбетов ошондой эле азыркы өкмөттө өз кесибин мыкты билген адистер аз деген пикирде.

Ыңкылаптан кийинки өкмөттүн пайдасына чечилген маселелерге Эл аралык валюта кору менен макулдашып, бир катар салыктарды төмөндөтүүгө шарт түзгөнүн, пенсия, айлык акыларды өз убагында төлөөнү үзгүлтүккө учуратпоону кошсок болот. Бирок энергетика, коррупция, өкмөттү түзүү, коррупциялык режимди жоюу жана башка мамлекеттин тагдырына байланыштуу маселелер боюнча ачык-айкындыктын жоктугу - ыңкылап эмне алып келди деген суроону 24-мартка чейинки бийликте тургандар пайдасына оодарууда. Украинадагы кризис болсо ага кошул ташыл болууда, деп эсептешет жергиликтуү талдоочулар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG