Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

ООГАНСТАНДАГЫ ШАЙЛОО: АР КИМДИН ӨЗ БЕЛГИСИ БАР


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Ушул жекшемби күнү 30 жылдан бери биринчи жолу парламенттик шайлоо боло турган Ооганстандын калкы өздөрү жактырган талапкерлерди жаныбар же буюм-тайымдардын сүрөтү аркылуу тандаганы жатат. Буга өлкө калкынын 85 пайызынын тамга тааныбагандыгы башкы себеп.

Парламенттик шайлоо жарышына түшкөн талапкерлердин добуш берүү бюллетениндеги аты-жөнүнүн жанына уйдун, өрдөктүн, балмуздактын, велосипеддин же чөнтөк телефонунун сүрөтү тартылган. Жекшемби күнү добуш бере турган шайлоочу ошол сүрөттөргө карап, талапкердин ким экенин тааныйт да, добуш берет.

Ооганстандагы шайлоону уюштуруу боюнча бирдиктүү кеңештин өкүлү Алэм Сиддикинин айтымында, сабатсыз калкка добуш берүүнүн мындан башка натыйжалуу жолу табылган жок:

- Жарышка түшүп жаткан 5 миң 800 талапкердин аты-жөнү жазылган добуш берүү бюллетенинен өздөрү каалаган адамга тез добуш берүүнүн эң натыйжалуу түрү ушул. Ооганстанда сабатсыздык башкы тоскоолдук болуп жатат. Аялдар арасында кат тааныбыгандар 85 пайыздан ашса, эркектер арасындагы сабатсыздык 55 пайыздан кем эмес. Ошон үчүн добуш берүү бюллетенине тартылган сүрөт менен добуш берүү эң натыйжалуу деген ойдобуз.

Өткөн жылы болгон президенттик шайлоодогудай эле ар бир бюллетенге талапкердин сүрөтү да басылган. Бирок анда 18 эле талапкер болгондуктан сабатсыз элдин тандоосуна жеңил болгон. БУл ирет талапкерлер көп болгондуктан шайлоочу аларды бири-бирине окшоштуруп, адашып калышы толук мүмкүн. Ошондуктан, талапкердин ирээттик саны, сүрөтү менен кошо бир нерсенин сүрөтүн тартуу чечимине келишкен:

- Добуш берүү бюллетенине бир киргизген жаңылык – талапкердин фотосүрөтүнүн жанына ирээттик номери менен кошо бир нерсенин сүрөтүн тартуу болду. Талапкердин фотосүрөтүнүн жанына тартылган буюмдун же жаныбардын сүрөтү шайлоо күнү тандоого жардам берет,-дейт Сиддики.

Азыр ушул тапта талапкерлер өз шайлоочуларын сүрөттөр менен тааныштырып, рекламалык баракчаларын таркатуу менен алек болуп жатышат. Алардын арасында мурун талиптердин бийлиги маалында тыюу салынган буюмдардын сүрөттөрү, тактап айтканда музыка жазчу тасма, телевизор, спорттук мелдештерди билдирген белгилер бар.

Маселен, Кабулдан депутат болом деген Мохаммад Сидик Чаккаринин белгиси чөнтөк телефону, Оллахьяр аятолланыкы төө, Гафар Дои Aбдулдуку болсо ат. Депутат болом деген аялдардын бири Aнахита Адардыкы эки кайчынын сүрөтү. Ооганстандагы сабатсыз калктын өкүлдөрү сүрөт менен белги коюуну жакшы ойлонулуп табылган акыл деп жактырып жатышат.

Бирок Куранды же Ооганстандын желегин белги кылып алууну каалагандарга уруксат берилген жок. Шайлоону уюштуруу боюнча бирдиктүү кеңештин өкүлү Алеэм Сиддикинин айтымында, бир талапкер башкалардан артыкчылыкка ээ болбосун деген ой менен уруксат берилген жок.

Ошентсе да бир белгини бир топ талапкерлер тандап алган учурлар арбын болду. Маселен, алманын сүрөтүн тандаган талапкерлердин сүрөтүнүн жанына бир эмес эки же үч алманын сүрөтүн тартууга туура келди.

Парламенттик шайлоодогу мындай жаңылык ооган жеринде жаңы тамашаны пайда кылды. Айрымдар, талапкердин сүрөтүнүн жанына эмне тартылса ал үчүн добуш берген адам акысына ошону алат экен деп тамашалашса ага ишенип, автомашина же учактын сүрөтү тартылган талапкерлерге добуш берип, акысына туйтунабыз деген адамдар да болууда.

XS
SM
MD
LG