Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

ЖАКЫР КЫРГЫЗГА “ЖАПАН КЕРЕМЕТИ” ЖАРДАМ БЕРЕБИ?


Жапан өлкөсү Кыргызстанга 415 миллион ашуун долларлык жардам көрсөттү. Анын кыйласы Кыргызстандын социалдык инфраструктурасын колдоого, маданият, саламаттык сактоо, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалды. Жапан өлкөсүнүн Кыргызстандагы иштерине жооптуу өкүл, элчи Тацухико Касай мырза менен кабарчыбыз экономикалык өнүгүүнүн жолдору тууралуу маек курду.

- Элчи мырза, Кыргызстанга келип иш баштаганыңызга үч айдан ашуун убакыт өттү. Эки өлкөнүн экономикалык карым-катышы тууралуу айта кетсеңиз.

- Биз Кыргызстан теңата өлкө болушун каалайбыз. Кыргызстандыктар бардар жашаган эл болушун, биздин кыйбас өнөгүбүз болушун каалайбыз. Менин бул жерге келгениме үч ай толду. Мага кыргыздар менен жапандардын түбү бир эл деген сөздү көп айтышты. Балыкты жакшы көргөнү мухиттин ары жагына кетип жапан болуп, этти сүйгөнү бул жерге келип кыргыз болуп калышкан дешти.

Түпкү тамырыбызды эстеп, 2-дүйнөлүк уруштан талкаланган Жапания кантип өнүгүүнүн кыйын жолуна түшкөнүн ойлоп, биз Кыргыз мамлекеттүүлүгүн көтөрүп аткан кыргызстандыктарга жардам берүүнү чечтик. Дагы айтышат, Кыргызстан ээлеген аймак Жапаниянын аймагынын жарымына тете, бирок да бул жерде жапандардын 5 пайызына жетерлик гана калк жашайт. Жан башына бөлө келгенде бул жерде шарт жакшы, мындай жерде жакшы жашоо керек. Кыргызстандын экономикалык абалы азыр кыйын кезеңде турат. Мен өзүм кесибим боюнча экономистмин. Экономика бул жерде жана айтканымдай, токтолуп-жайлап өнүгүүдө.
Кыргыз менен жапандын түбү бир экенин мен бул жерден уктум. Анан да кыргыз-жапан тилдеринде окшош сөздөр көп деп айтышат. Алардын болжолдуу саны 2000ге жакын дешти. Дагы бир жалпылык - эки элдин психологиясына байланыштуу. Кыргыздар да жапандар сындуу, жупуну келишет экен. Сөз курулушу да окшош экен. Тил үйрөнгүсү келгендер ошондон тез эле көнүп кетишет.

- Тацухико Касай мырза, Кыргызстандын экономикасы токтолуп-жайлап (ойку-кайкы) өнүгүп жатат, деген ойду айттыңыз…

- А, мен бул жерде экономикалык реформалар ойку-кайкы жүргөнүн айткам.

- Негизи идеалында экономикалык өнүгүш кандай жүрүшү керек, кантсе да бул өзү кыйынчылыктар менен коштолчу процесс го…

- Идеалында деп атпайсызбы. Ар бир өлкөнүн өзүнүн өзгөчөлүү жолу бар. Мисалы, мынабу Орусияда экономикалык реформаларды «апыл-тапыл (шок) терапиядан» башташты. Инфляция асманга чыгып, баанын куну качып, анан баары аз-аздан нугуна түшүп, жаңы ишкерлер чыгып, экономика бутуна тура баштабадыбы. Аз-аздан баары калыбына келип, азыр реформалар ыкчам жүрө баштады. Анын үстүнө аларда ресурстар да жетиштүү. Бирок ошол эле Орусияда деле экономикалык реформалар идеалдуу, ойдогудай жүргөн жок.

Кыргызстанда болсо адам ресурсу жетиштүү. Табигый байлыктар да жетиштүү эмес. Ошол себептүү реформалар жана айтылгандай ойку-кайкы жүрөт, мындан ары деле ошондой болот. Идеалында өзү негизи алгач базар-нарк экономикасынын мыйзамдарын кабыл алып, анан реформаны батыл баштоо керек. Бирок да макроэкономикалык туруктуулукка жетишип, ага ылайык мыйзамдарды жаңы шартка ылайыкташтыруу зарыл. Экономикалык реформалардын антип ойкуп-кайкып жүрүшү мыйзамченемдүү. Бардык өлкөлөрдө ушундай.

- Ушу тапта Кыргызстанда 15 жыл ичинде эч нерсе жасалган жок, кыйла убакыт текке кетти, бизде эч нерсе жок, болбойт дагы деген маанай басымдуулук кылууда. Калктын маанайын көтөрүү үчүн, мүмкүн, «жапан керемети» жардам берип жүрбөсүн?

- Сиз атйкандай, бизде да натуралдык ресурстар аз, адам ресурсу жетиштүү. Мен бир мисал айткым келип турат. Студент кезимде турист катары Америкада болуп калдым. А кезде мен Американын экономикасы эң алдында турат деп ойлочумун. Албетте, табигый байлыгы жетиштүү болсо, эли сабаттуу, бай болсо, көп жерди ээлеп турса ошентип ойлойсуң. Ошондо мен эмне үчүн Жапания артта, Америка менен Советтер Союзу алдыда деп ойлодум. Советтерди кошпогондо биз экинчи болуп калабыз. Анан мен Жапания кантип экинчи өлкө болуп калганын ойлоно баштадым. Бизде табигый байлык аз, жер аз, жалгыз адам ресурсу гана.

Ойлогонум бул болду. Менин ата-энем жакшы жашоо үчүн катуу иштешкен. Согуштан кайтып келген ата-энем күн-түндөп кажынып катуу иштешчү. Жылына эки күн гана эс алышчу. Жаңы жыл, анан жыл ортосунда бизде дагы бир диний майрам бар. Башка убакта алар күн-түн, ишемби-жекшемби дебей тынбай иштешчү. Азыркы Жапанияны ушулар түзүшкөн. Сиздер да ушинтип иштесеңиздер гана көтөрүлө аласыздар.

- Бизде байлык тууралуу түшүнүк кыйла апыртма. Жараткан жапан элине ушундай байлыкты, мээнетти берип койгон экен, бизге андайды буюрбаптыр дешет. Дегинкиси «жапан кереметинин» негизги сыры эмнеде?

- Жана айттым го, кажыбаган мээнет, мээнет. Силер да жапандардай иштегиле, ошондо гана сандан сапатка өтүү башталат.

- Бизде экономикалык өнүгүүнүн башкы багыты үстөмөн катары суу энергетикасын, тоокен өндүрүшүн, алтын казып алууну алдыга коюшат. Жапандар жаңыдан өнүгүүгө бет алганда кайсы экономикалык багытка басым жасашкан?

- 2-дүйнөлүк согуштан кийин биз кандай экономикалык жол менен өнүгүүнү так аныктап алганбыз. Биз үчүн маанилүүсү темир болчу. Анан ошондой эле көмүргө болгон муктаждык да чоң эле. Инвестицияны ушуга жумшап, жапан экономикасынын дүркүрөп өнүгүшүнө мына ушулар шарт түздү.

- Элчи мырза, маегиңизге ырахмат!
XS
SM
MD
LG