Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:23

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Нарында болду


НАРЫН. Элчи Серпил Алпан айымдын жумуш сапары облус губернаторунун биринчи орунбасары Исабек Абдыгазиев менен жолугушуудан башталды. Исабек Абдыгазиев эки өлкөнүн ортосунда жүргүзүлүп жаткан карым-катнаштарга токтолуп, облустун жалпы абалы тууралуу маалыматтарды берди. Тараптардын сүйлөшүүлөрүндө билим берүү тармагындагы алгылыктуу иштер баса белгиленип, облус агрардык аймак болгондуктан мындан ары айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү багытында биргелешип иштөөгө мүмкүнчүлүктөр түзүлсө деген ниеттер айтылды. Элчи айым Түркия Кыргызстандын улан-кыздары үчүн 150 орун бөлгөндүгүн, алардын ичинен Нарын облусу үчүн мал чарбасы боюнча адистерди даярдоого атайын мүмкүнчүлүк берүү керектигин билдирди. Ошону менен катар улуттук кол өнөрчүлүккө кызыккандыгын жашырган жок. Натыйжада Нарын шаарындагы «Нуска» кичи ишканасында болду. Мындан сырткары Нарын кыргыз-түрк лицейинин, Нарын коругу ишмердүүлүгү менен таанышып, бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG