Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Жалалабат облусунда парламентти таратуу максатында кол топтоо уланууда


ЖАЛАЛАБАТ. «Эркиндик» партиясынын облустагы жана район, шаарлардагы бөлүмдөрү акыркы күнгө карата 25 миң жарандын колун топтогонго жетишти. Алар аталган партиянын Жогорку Кеңешти таратуу жана референдум өткөрүү демилгесин колдоорун билдиришкен. Мындай маалымат саясий уюмдун облустук бөлүмүнүн жооптуу катчысы Кылычбек Маматаевден алынды. Жооптуу катчынын кошумча маалыматына караганда, партиянын кайрылуусуна адегенде кошулуп, кийин ал чечиминен кайра айныган жарандар да болууда. Кол топтоолор учурда облустун бардык аймактарында жүрүп жатат. Бирок Тогузторо районунда гана иш солгун. Облуста саясий партиянын парламентти таратуу демилгесин жактабаган жарандар да аз эмес. Алардын пикири боюнча, Жогорку Кеңешти таратуу иши өлкөдөгү стабилдүүлүккө шек туудурушу жана айрым депутаттар өз тарапкерлерин саясий акцияларга баштап чыгуусу ыктымал.

XS
SM
MD
LG