Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Бюджет Жогорку Кеңешке жиберилди


БИШКЕК. Кыргызстандын 2006-жылга бюджети парламенттин кароосуна жиберилди. Бул тууралуу каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров 17-сентябрда билдирди. Анын маалыматы боюнча, келерки жылга республикалык бюджеттин кирешеси 19 миллиард 349 миллион сом, чыгашасы 19 миллиард 825 миллион сомду түзүүдө. Ал эми тартыштык 476 миллион сом болууда. Жогорку Кеңеш бул жолу бюджетти үч окууда кабыл алат. Ошондуктан «Өкмөт структурасы жөнүндө» мыйзамдан кийин эле парламенттин бюджетти кароого кириши күтүлүүдө, деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG